Өкмөттүн өкүлү Мустафа Берхуддинин айтымында, министрлер эл аралык коомчулукка таанылуу аракетин көрүүдө. Анын аралыгында Израил премьер-министри Эхуд Ольмерт ХАМАС жана ФАТХ топторунан түзүлгөн Палестинанын жаңы өкмөтүн тааныбоого чакырууда. Жаңы өкмөт Израил үчүн Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат деп билдирүүдө Ольмерт. Америка коалициялык өкмөт өлкөдөгү зордук-зомбулукту токтотуп, Израилди тааныса, өз ишин уланта берсе болот деп билдирди.