Мындай суроону депутат Дооронбек Садырбаев койду. Депутаттын айтымында, “Кристаллды” сатууну токтотууга президенттин жардыгынын күчү жетпегенине байланыштуу ушундай суроо чыгып жатат. Садырбаев ошондой эле Өзбекстанга электр энергиясынын бир килловатын 42 тыйындан , элге 63 тыйындан сатуусун айыптап, буга жол берген энергетика министри Чудиновго ишеним көрсөтпөөгө чакырды. (AiT)