Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

15:03 Президент К.Бакиев менен депутат Т.Сариев жолугушту


БИШКЕК. Жолугушуу бүгүн болду жана анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууга алынды. Бул тууралуу Темир Сариев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, президент мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршылыгын билдирип, бирок коалициялык өкмөт түзүү маселесин талкуулоого даяр экендигин айткан. Конституциялык реформа маселесине токтолгон президент эгерде Конституциялык сот 30-декабрда парламентте кабыл алынган Конституцияны мыйзамсыз деп тапса, анда ал чечимди кабыл алууга даяр экенин айткан. Март айынын ичинде парламентте билдирүү менен чыгам, ошол маалда оппозиция коюп жаткан маселелердин көпчүлүгү боюнча жооп болот, деп белгилеген президент. (AiT)

XS
SM
MD
LG