Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

18:10 Барымтадагы италиялык журналист бүгүн бошотулушу ыктымал


БЕРЛИН. Ооган президенти Хамид Карзай барымтада отурган италиялык журналист бүгүн бошотулушу ыктымал деп билдирди. Мындай билдирүүнү Карзай Берлинде немис канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан кийин жасады.
Буга чейнки маалыматтарда журналист үчүнчү тарапка өткөрүлүп берилди деп айтылган эле, бирок италиянын ырасмий өкүлдөрү аны тастыкташкан жок.
Меркель болсо Иракта барымтага алынган эки немис жараны тууралуу сөз кылып, германия шантажка моюн сунбайт деп белгиледи. Согушкерлер аларды кое берүү үчүн Берлин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетиши керек деген талап коюшкан.(AA)

XS
SM
MD
LG