«Реформа» кыймылы бүгүнкү жыйынында ушундай чечим кабыл алды. Бул жөнүндө кыймылдын теңтөрагасы Алмаз Атамбаев өзү «Азаттыкка» билдирди. Ал 21-мартта президент менен өзү гана жолугуп, кыймылдын талаптарын билдирип сүйлөшүп чыгат. «Реформа» кыймылы коюп жаткан талаптардын башкысы – конституциялык реформаларды жүргүзүү. Курманбек Бакиевдин реформачылдардын талабы тууралуу ой-пикирин уккан соң оппозиция президент менен кеңейтилген форматта жолугушу мүмкүн. (KCh)