Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

ОШ: ТАЛАП-ТОНОЛГОН ИШКЕР ӨЗҮН ӨЗҮ ӨРТТӨГӨН ЖАТАТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 2005-жылдын 24-мартында Бишкектеги талап-тоноочулуктан жабырланган оштук жеке ишкер Төлөгөн Калмурзаев март окуясынын эки жылдыгында Ак үйдүн алдына чыгып өзүн-өзү өрттөй тургандыгын жарыялады. Анын мындай кадамга барышына банктан алган карызын төлөй албай, үйүн тарттырып жибергендиги себеп болгон.

Жеке ишкер Төлөгөн Калмурзаевдин айтымында ал 2005-жылдын март айынын башында Бишкектеги “Народный” дүкөнүнө 649 000 сомдук товар алып барып, 24-марттагы талап-тоноочулукка туш болуп, бардык товарынан кол жууган. Төлөгөн мырза ишкердик кылууга 200 миң сомду Кыргыз өнөр-жай курулуш банкынан насыя алган экен. Чыгымга учурагандан кийин алган карызын кайтарып бере албай калган. Жакында экономикалык иштер боюнча Оштогу райондор аралык соту анын Ош шаарындагы күрөөдөгү төрт бөлмөлүү үйүн 257 000 сомго баалап банктын пайдасына өткөрүү жөнүндө чечим чыгарыптыр. Төлөгөн Кулмурзаев арыздана берип аны эч ким укпай койгондуктан улам Ак үйдүн алдында өзүн-өзү өрттөө чечимин кабыл алгандыгын билдирди:

- Сотторго, өкмөткө нааразылыгымды билдирип жатам. 24-мартты революция күнү деп атышат, биз үчүн таланып-тонолгон күн болуп эсептелинет. Мен тоноого туш болуп, ошонун негизинде банкка 200 миң сом карыз болуп калгам. Чындык үчүн мен 24-мартта Бишкекке барып өзүмдү-өзүм өрттөп алайын деп чечтим. Буга жашап турган үйүмдөн мажбуролоо түрүндө ажырап калганым себеп болууда, - деди жабырланган жеке ишкер Төлөгөн Калмурзаев.

Ал эми Ош райондор аралык сотунун төрагасы Болотбек Акматов иш мыйзамдын чегинде каралгандыгын белгилеп, эгерде Төлөгөн Калмурзаев соттун чечимине нааразы болсо облустук жана жогорку сотторго кайрылууга укугу бар эле деген жүйөсүн билдирди:

- Калмурзаев деген адам эгер биздин чечимге нааразы болсо, ал облустук жана жогорку сотко кайрылганга укугу бар. Акча алганы туура экен, ошону төлөбөгөндөн кийин, жашаган үйү залогдо тургандан кийин соттун чечими менен залогодержателге өтүп кетиптир. Бирок эгерде бааланган баасына макул болбосо сот аткаруучу аукционго койгондо бизге кайрылса туура эмес бааланып калды деп, анда биз соттор бул жерден жыйын өткөрүп туруп, көз карандысыз оценщикти чакыртып, баасын коюп туруп анан аукционго койдурмакбыз, - дейт Ош райондор аралык сотунун төрагасы Болотбек Акматов.

Жеке ишкер Калмурзаев даярдап алган керээз катында жарым миллиондон ашуун сомго жабырлангандыгына жана сот аркылуу үйүн тартырып жибергендигине 24-март күнкү окуялардын арты менен бийликке келген адамдар күнөөлүү деп эсептеп өзүн-өзү өрттөөгө аргасыз кылган себептерди алардын абийиринде деп жыйынтыктайт.

XS
SM
MD
LG