А380 - Европанын (Airbus) авиаконцорциумунун учагы. Анын канатынын узундугу эле бир футбол талаасынын аянтынан чоңдук кылат. 550 жүргүнчүгө ылайыкташкан салону эки этаждуу, люкс классында жасалгаланган. Нью-Йорктун Кеннеди аэропортуна конгон учак Германиянын Люфтганза ( Lufthansa) авиакомпаниясынын наамы менен барды, учуу мөөнөтү сегиз саатка созулган.
Бул учуу А 380дин учуу жана конуу жөндөмүн гана текшерүүнү көздөбөстөн аны рекламалоо, "Эйрбас" компаниясынын беделин көтөрүү максатын да көздөйт. Себеби учакты кардарларга берүү ишинин мурда белгиленгенден кечеңдеши бул долбоордун келечегине кандайдыр бир деңгээлде шек келтирбей койгон жок. Роберт Коппингер Британияда чыгуучу "Flight International" журналынын техникалык эксперти:
- "Эйрбаста" имидж жагынан проблема жок экендиги турган иш. Менимче, өндүрүш жагындагы проблемалардын учактын жөндөмүнө тиешеси жок. Сынак ирээтиндеги учурлар жакшы өттү. Бул жерде реклама жагынан проблема бар, учак өзүн жакшы жагынан көргөзүүдө.
Анткен менен бул ири жана ички жасалгасы мыкты учакты даярдоо жараяны акыркы жыйырма жылдан бери ич ара атаандаштыкта АКШнын "Боинг" компаниясынан ашып кетип жаткан Airbus компаниясын чачырап кеткидей абалга чейин жакындатып койгонсуду. Компьютердик система, электр байланышындагы проблемалардан улам долбоор мурда белгиленгенден эки жылга кечеңдеди. Германиянын эң ири Франкфурт аэропортун иштеткен компаниянын баш директору Вильгелм Бёндер 19-мартта кабарчылар менен болгон маегинде алар алгачкы А 380ди 2008-2009-жылдары алып каларына ишеним билдирди.
-Мен "Эйрбас" жетекчилигинин белгиленген убакытта орундай алары жөнүндөгү жарыясына ишенем. Биз алгачкы учакты бул жердже 2008-жылдын аягында жана "Люфтганзаныкынан" 2009-жылы көрөбүз деп үмүттөнөм.
Кечеңдөөгө байланыштуу айрым чыдамсыз кардарлар жаңы учактан баш тарткан учурлар да болгон экен. Бул жагдайдан улам компания 6,6 миллиард доллар жоготуптур. Азыр 166 учак заказ кылыныптыр, бирок бул сан менен долбоор өзүн-өзү актабайт экен. Андыктан сатылуучу учактардын саны көбөйтүлүшү керек. "Эйрбас" учурда Европадагы заводдорунан 10 миң жумушчунун кыскартуууну пландоодо, буга профсоюз уюмдары катуу каршылык көргөзүп жатат.