Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ИРАК СОГУШУН УЛАНТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан туура төрт жыл мурда, 2003-жылдын 20-мартында Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согуш баштаган. АКШнын бир нече шаарында жекшемби күнү согушка каршы митинг-демонстрациялар болуп өттү, президент Жорж Буш болсо - аскерлерди Ирактан азыр чыгарып кетүү ката болот деп билдирди.

19-март күнү АКШ президенти Жорж Буштун сегиз мүнөткө уланган видеокайрылуусу АКШнын сыналгы каналдары аркылуу көрсөтүлдү. Президенттин айтымында, Ирактагы америкалык аскерлерди азыр чыгарып кетсе, жагдай ого бетер курчуйт жана террорчулук бүткүл аймакка тарап кетиши мүмкүн:

"Абал коопсуз болгонго чейин америкалык аскерлер Багдаддан чыгарылып кетсе, зордук аракеттер бүт өлкөгө жана бүткүл регионго тарап кетиши ыктымал. Андай баш-аламандыктан террорчулар баш көтөрөт жана 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы көрүлгөн террордук аракет Ооганстанда даярдалган болсо, анын ордун Ирак басат", - деп билдирди Буш.

Анын айтымында, Ирактын премьер-министри Нури Камил ал-Малики жана Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Дэвид Петреус 19-декабрда эртең менен аны менен байланышып, Багдаддагы абалды калыбына келтирүү үчүн бир нече ай керек деп билдиришти. Ошондуктан Иракка жиберилип жаткан кошумча америкалык аскерлерди каржылоо үчүн Конгресс өкмөткө кошумча 95 миллиард доллар бөлүп бериш керек.

Демократиялык партия тарабынан Конгресске шайланган депутаттар болсо андай кошумча каражатты бөлүүнүн шарты катары америкалык аскерлер 2008-жылдын 1-сентябрына чейин өлкөдөн чыгарылып кетиш керек деген талап коюуга даярданып жатат.

Согуштун төрт жылдыгы алдында, 18-мартта АКШнын бир нече шаарында ири митинг-демонстрациялар болуп өттү. Нью-Йоркто 30 миңге жакын адам чогулуп, шаар көчөлөрү аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесине чейин жөө жүрүш менен өтүштү. Өлкөнүн батышындагы Сан-Франциско шаарынын көчөлөрү аркылуу болсо беш миңге жакын адам өттү. Австралия, Азия жана Европа мамлекеттеринин бир нече шаарында дагы ишемби жана жекшемби күндөрү каршылык митингдери болду.

Ал эми жекшемби күнү Си-эн-эн сыналгысы акыркы элдик сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады. 2003-жылы согуш жаңы башталганда, аны АКШ калкынын 83 пайызы колдосо, азыр ага суралгандардын 35 гана пайызы колдоо көрсөтөт. Мындан төрт жыл мурда суралгандардын 65 пайызы америкалык аскерлер менен сыймыктанабыз деп айтса, азыр андай пикирди 55 пайыз адам билдирген.

Америкалык Эй-би-си жана британиялык Би-би-си сыналгы каналдары биргелешип өткөргөн сырамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй болсо, Ирак калкынын 82 пайызы азыр чет өлкөлүк аскерлерге ишенбейт, 78 пайыз адам алардын өлкөдөн чыгарылып кетишин каалайт.

Ирак согушунда төрт жыл ичинде үч миң эки жүзгө жакын америкалык аскер курман болду, ирактыктар арасындагы чыгаша жөнүндө болсо так маалымат жок. Расми билдирүүлөргө караганда, 60 миңге жакын киши набыт кеткен, ал эми британиялык "Ланцет" журналынын эсеби боюнча 600 миңден ашык адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG