Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

БАКИЕВ РЕФОРМАГА БАРУУГА ДАЯРБЫ?


Кечээ «Реформа үчүн» кыймылы лидерлеринин бири депутат Темир Сариев өлкө президенти К.Бакиевдин чакыруусу менен Акүйгө барып, экөө жарым саат маңдай-тескей сүйлөшкөнү жөнүндө маалымдаган «Агым» гезити, Темир Сариевдин ошондогу сөздөрүнө орун берди. Сариев мырза президенттен, «бүгүнкү оппозициянын талабы кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү, сиз ошого кол жазмаңызды бересизби?» деп сураганын, анан андан «эч качан бербейм» деп жооп уккан соң, «бербесеңиз кандайдыр бир катуу кагылышуулар болуп кетиши мүмкүн, болбосо бизге кардиналдуу реформалар керек» деп айтканын, президент К. Бакиев «мен баарын түшүнөм, жоопкерчиликти өз мойнума алам, кардиналдуу реформаларга даярмын» деди деп айтканын шардана кылды. «Азаттыктын» окурмандарынын эсине сала кетели, «Реформа үчүн» кыймылы мындан ары кандай кадам жасары бүгүн саат 4 төн кийин белгилүү болмокчу. Ушул эле гезиттин суроолоруна жооп берип жатып, белгилүү коомдук ишмер Бакыт Бешимов, өлкөдө өтө оор кырдаал түзүлгөнүн, Кыргызстандын келечеги эки саясый жээктин курмандыгы болушун каалабастыгын, ошондуктан жакынкы арада убактылуу коалициялык өкмөт түзүп, өлкө өсүшүн багыттаган Конституция кабыл алып, саясый системаны толугу менен реформалоодон бөлөк жол жоктугун, тандемдин аткарылбай калгандыгына Бакиев да, Кулов да күнөөлүү экендигин, бүгүн бул экөө элдин тагдыры менен ойноп жаткандыгы туура эместигин, экөө тең улуу иштерге жарабай тургандыктарын көрсөткөнүн билдирди.

«МСН» гезити Орусиянын «Время новостей» гезитинин баяндамачысы Аркадий Дубнов мырза менен баарлашты. Ал, ушу күнгө дейре Кыргызстанда саясатчы жоктугун, бул боштукту ар кандай ишмерлер толтуруп келаткандыгын, саясат деген көздөй жакындары менен бир туугандарынын ишенимдери аркылуу жүргүзүлбөй турган иш экендигин, Кыргызстанда туруктуулук дагы көпкө дейре боло койбостугун, аны Өзбекстанга окшотуп бир кишиге гана кың дегизбей баш ийчү авторитардык үлгүгө салып модернизациялоо жолою ишке ашпагандыгын, анткени байыртан эркин жашап көнгөн көчмөн элдин руху, менталитети эч качан кимдир бирөөгө тизе бүгүп жашаганга макул болбостугун, андыктан азыркы системаны оңдоо зарылдыгын белгилеп, баса бул боюнча Аркадий мырза жакында Маскөөдөн экс-президент А.Акаевге суроо бергенде да, анын жаңылыштыгы дал ушунда болгонун ал моюнга алганын, демек бийлик бутактарынын түзүлүшү өзгөртүлүп, парламент партиялык тизме менен шайлоого барышы зарылдыгын, тилекке каршы ушулардын баарын бийлик 2 жыл мурун эле жасап койсо болмогун белгиледи маскөөлүк баяндамачы.

«Кыргыз руху» гезити Бакиев бийлигинин талуу жери чындыгында тандемдин бузулушу болгонун, болгондо да тандем президенттин жеке демилгеси менен бузулганын, анан Ф.Кулов аны оппозициялык саясый көзүр катары пайдаланып атканын, антсе дагы президенттин жасаган иштерин жанын үрөп коргогон камчы чабарлары барын, ажого чаң жугузбай үлпүлдөткөндөрдүн катарына компартияны атадан мурастап калган И. Масалиевди кошууга болорун жазды. Мунун негизин идеологиялык фактор түзүшү мүмкүн дейт гезит, анткени азыркы бийлик да компартия сыяктуу диктатордук башкаруудан башкасын көрүүнү каалабйт.

«Эркин тоо» гезити окурмандарын эртеңки Нооруз күнү менен куттуктап, айрымдар жаңылышып жүргөндөй ал диний майрам эместигин, Нооруздун мусулманчылыкка тиешеси жоктугун, майрам дыйкандардын эгин-тегин эгүү башталган мезгилдеги жыйналып, түлөө өткөрүп, жараткандан мол түшүм суранган күнү экендигин Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун айтканына таянуу менен жазып чыкты.

«Таштан болор, кумдан болор төшөгүм
Аз болсо да сырта калар сөздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн… «Кыргыз туусу» гезити айтылуу акын Алыкулдун ушул саптарын келтирүү менен эртеңки 21-март улуу акындын туулган күнү экенин, бул күнү анын ырлары окулуп, китепканаларда эскерүү сааттары өтөрүн кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG