Анда эл аралык илимий-техникалык борбордун колдоосуна арзыган Кыргызстан окумуштууларынын мыкты эмгектери коюлду. Көргөзмөдөгү долбоорлордун көбүнүн авторлору Улуттук Илимдер Академиясы, мал чарба илим изилдөө институту, Улуттук университеттин кызматкерлери. Учурда илимий-техникалык борбор 71 кыргыз окумуштууларынын эмгектерин каржылоого алып, 16 млн. доллар сарптаган. (AiJu)