Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

РОССИЯ: КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨГҮ ӨРТТӨН 62 КИШИ КАЗА БОЛДУ


Россиянын Краснодар чөлкүмүндөгү Ей районунун карылар үйүндө болгон өрттөн 62 киши каза болду. Алардын арасында карыларды куткарам деп жатып, каза тапкан медсестра да бар. Чөлкөмдүн жетекчилигинин айтымында өрттүн эмне себептен чыккандыгын аныктоо үчүн иликтөө башталды.

Өрттөн каза болгондордун ичинде карыларды сыртка чыгарам деп жатып, түтүнгө ууланып мерт болгон 58 жаштагы медсестра да бар. Баары болуп өрттөн 62 киши каза болду, 35 кишини өрт өчүргүчтөр куткарууга үлгүрүштү. Алардын дээрлик баары ооруканага жеткирилди. Доктурлардын айтымында эки адамдын акыбалы оор.

Краснодар чөлкөмүнүн жооптуу өкүлү Сергей Алексеенконун айтымында, Камышеватская кыштагындагы мекеме райондор аралык болучу жана анда чөлкөмдүн ар кайсы жерлеринен келген карылар жашачу. Каза болгондордун ким экенин аныктоо негизинен документтердин негизинде жүргүзүлүп жатат, анткени карыялардын көбү тууган- туушкандары менен жакындары жок адамдар болгон. Ал эми жакындары бар кишилердин туугандарына телеграммалар жөнөтүлдү.
Аман калган карыларга мейманканалардан акысыз орун берилип, ысык тамак менен камсыз кылынып жатат.

Өрттүн эмнеден чыкканы белгисиз. Краснодар чөлкүмүнүн прокурору Леонид Коржинек:Өрттүн эмнеден чыкааны белгисиз, азыр аны иликтеп жатабыз, бул окуя боюнча кылмыш иши козголду ,- деп айтты.

Маалыматтарга караганда өрт карылар үйү жайгашкан эки кабат имараттын ремонт болуп жаткан биринчи кабатынан чыккан. Интернаттын уктоо бөлмөлөрү эки кабатта тең жайгашкан эле. Өрт биринчи кабатты каптаганда андан чыккан түтүн экинчи кабатка көтөрүлгөн. Абалды дубалдын бетиндеги панелдерден бөлүнүп чыккан уулу газдар оорлоткон.

Россиянын чукул кырдаалдар министрлигинин айтымында, өрт түн ичинде саат бирлерде чыккан. Бирок карылар үйүнөн чыккан сиренанын үнүн жакын жердеги кароолчу 20 мүнөт бою этибарга албай олтура берген. Натыйжада өрт өчүргүчтөр бир сааттан кийин гана келишкен. 26 кары баса албай төшөктө жаткандыктан, өрттөн кача алган эмес.

Прокуратуранын маалымдашынча, карылар үйү жайгашкан имаратта өрт коопсуздугу сакталган эмес. Имарат өрт өчүрүүчү баллондор менен камсыз кылынган эмес, өрт өчүрүүчү суу түтүктөрүнө белгилер койулбаган.

Өрт коопсуздугунун сакталбаган Россиядагы өрттөрдүн негизги себеби болуп кала берүүдө. Мындан үч ай эле мурда Москванын наркологиялык клиникасы менен Сибирдеги психиатриялык ооруканада чыккан өрттөрдөн 54 киши каза болгон.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG