Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

ООГАНСТАНДА БАРЫМТАГА АЛЫНГАН ИТАЛИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТ БОШОТУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан эки апта мурда Ооганстанда барымтага алынган италиялык журналист 19-март күнү бошотулду. Гелманд провинциясынын тургундары болсо өкмөткө каршы митинг өткөрүп, чет өлкөлүктөрдү бошотуу үчүн гана ооган жетекчилиги бардык аракеттерди көрөт деп ачууланууда.

Италиялык "Репубблика" гезитинин кабарчысы Даниэле Мастрожакомо, анын айдоочусу Саид Ага жана котормочусу Ажмал Нашкбанди 5-март күнү Ооганстандын Гелманд провинциясында барымтага алынып кеткен. Аларды туткунга алгандар Талибан кыймылы менен байланышкан топ болчу жана алгач алар бардык италиялык аскерлердин өлкөдөн чыгарылышын талап кылган, бирок кийин - талибдердин мурда колго түшкөн бир нече өкүлүн бошотуу талабына токтолушту.

Туткунга түшкөн айдоочуну барымтачылар - чет өлкөлүк мамлекет үчүн тыңчылык кылган деп күнөөлөп, өткөн жума күнү өлтүрүп салышкан. Бошогондон кийин журналист өзү айтып бергенге караганда, кошуна Пакистандан атайын келген бир адам аны такай коштоп жүрдү жана ал "ал-Каида" террордук уюмунун өкүлү болуш керек.

Мастрожакомонун айдоочусу мууздалып жатканын алар журналистке күч менен көрсөтүшкөн.

Журналист боштондукка чыккан күнү Гелманд провинциясынын тургундары өкмөткө каршы митинг өткөрдү. Курман болгон Саид Аганын бир тууганы Хамаюндун айтымында, туткунга түшкөн чет өлкөлүктөрдү бошотуу үчүн ооган өкмөтү бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрөт, өз жарандары үчүн болсо ал анчалык тынчсызданбайт:

"Биздин бул жерге чогулганыбыздын себеби - колго түшкөн италиялык адам эркиндикке чыкты, бирок эки ооган бошотулган жок. Италиялык журналист же берки экөө мусулман же мусулман эмес экени менен биздин ишибиз жок, бирок каапыр бошотулду, калгандар болсо жоголду", - дейт Хамаюн.

Митингге катышкан дагы бир адамдын айтымында, мындай өкмөттү жетекчилик деп атаганга ооз барбайт: "Оогандарга алмаштырылып, чет өлкөлүк адам бошотулду. Бул эмне деген өкмөт? Бул өкмөт эмес, анын аты эле өкмөт", - дейт Гелманд провинциясынын тургуну.

Анткен менен Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитети Ооганстандын Пажвок деген маалымат агенттигине шилтеме жасап билдиргенге караганда, журналисттин котормочусу дагы аман-эсен эркиндикке чыкты.

Италиянын премьер-министри Романо Продинин айтымында, барымтачылардын талаптарынын баары аткарылды. Бирок журналист үчүн канча талиб бошотулганы жөнүндө так маалымат жок, батыш агенттиктери кабарлаганга караганда, мурда колго түшкөн эки же үч адам бошотулган сыяктуу, бирок Талибандын өкүлү молдо Дадулланын айтымында, беш талиб эркиндикке чыкты.

Ооган президенти Хамид Карзайдын жардамчысы Карим Рахими билдиргенге караганда, барымтага алынгандарды өкмөт адатта талибдерге алмаштырбайт, бирок бул өзгөчө окуя болду жана мындан ары өкмөт мындай аракеттерге барбайт. Ал эми журналист менен кошо анын котормочусу Ажмал Нашкбанди бошогон-бошобогонун ал билбегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG