Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:50

8:12 АКШ аскеринин огунан мерт болгон Александр Ивановдун жесирине 2 миллион сомдон ашуун компенсация берилет


Маркумдун жесири Марина Иванова күйөөсү иштеген Aircraft Petrol Management компаниясынан кун төлөтүп берүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок кечээки сот ишинде доогер арызын кайра алды. Ага аталган компания 2 млн. 39 миң 380 сом акчаны компенсация иретинде алты айда төлөп берүүгө макул болушу себеп болгонун «Азаттыкка» адвокат Галина Скрипкина билдирди. Аталган май куючу компанияда айдоочу болуп иштеген Александр Иванов былтыр декабрда “Манас” авиабазасында кызматтык милдетин аткарып жүрүп, АКШ аскери Закари Хэтфилддин аткан огунан мерт болгон эле. (SM)

XS
SM
MD
LG