Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

10:15 «Реформа үчүн» кыймыл президентке талаптарын даярдады


Бул тууралуу кыймылдын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов бүгүн билдирди. Анын айтымында талаптарды кыймылдын лидери Алмаз Атамбаев бүгүн президентке жолугушуп тапшырат. Талаптарда конституциялык, системалык реформаларды жүргүзүү, коррупцияга каршы күрөш, МТРКын коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу, коалициялык өкмөт түзүү, 2005-жылы 24-мартта талап-тоноого туш болгондорго жардам берүү жана Аксы окуясында акыйкаттыкка жетишүү белгиленген. Бул талаптар боюнча президенттин пикири айкын болгондо бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүнүн форматы, убактысы белгиленет, деп айтты Өмүркулов. (AiT)

XS
SM
MD
LG