Ооганстандын өкмөтү талибдердин барымтасында жаткан италиялык журналистти бошотуш үчүн түрмөдөгү талибдердин айрымдарын эркиндикке чыгарышканын тастыкташты. Президент Хамид Карзай италиялык журналист үчүн канча талибди түрмөдөн бошотконун так айткан жок. Ал башка айла калбай калганын, бирок мындан ары бул өңдүү чечимдер болбой турганын белгиледи. Анын аралыгында, АКШ баштаган коалициялык күчтөр жана ооган аскерлери өлкөнүн түштүгүндө шектүү деп эсептелген үч кишини атып өлтүргөнүн билдиришти. Коалициялык күчтөр Хелмандда талибдердин командачысын колго түшүрүү операциясын өткөрүп жатышкан болчу.