Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

«ЧУУ ДЕРЖАВАСЫНАН» СУУ ДЕРЖАВАСЫНА


Бүгүн Чыгыш элдеринин жылсанагы боюнча Жаздын алгачкы күнү-Жаңы жыл. Биз дагы бүгүн жарык көргөн гезиттердин каалоо-тилектерине кошулуу менен өз окурмандарыбызды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

«Слово Кыргызстана» гезити жакынкы жылдары ааламда алтындан да кымбатка тура турган суу маселесин жазып чыкты. Бул жагынан керек болсо Кыргызстан суу державасы боло турган өлкө. Анткени Борбор Азиядагы суу башаттарынын 40 пайыздан көбү Кыргызстанга таандык. Бул оңой байлык эмес. Убактылуу кедейлик кедерине тартып келаткан кыргыз жеринен кудай сууну аяган эмес. Болгону Кыргызстандын жетекчилиги суу боюнча терең ойлонулган программалардын үстүндө иштөөсү керек, дейт гезит.

«Энесай» гезити оппозициянын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө пикирине көз карашын сурап кайрылганда, депутат Камчыбек Жолдошбаев президенттик шайлоо өткөрүү азыр эрте экендигин, депутат Арзыбек Бурханов эгер Бакиев кимге жакпаса, анда кийинки 2010-жылдагы президенттик шайлоодо добуш бербей эле коюшун, 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнүн төрт жолу барын, биринчиден президенттке импичмент жарыяланса, экинчиден өз эрки менен президенттиктен кетсе, үчүнчүдөн кетирген каталарын моюнга алса, төртүнчүдөн президент өлсө… Азыр мунун бири да болгон жок, андыктан ар ким ар кандай айта берерин айтып жооп берди.

«Белый пароход» гезитине курган аңгемесинде Кыргызстан компартиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова айым ХХ1 кылым планета боюнча социализмдин кылымы болорун, буюрса жаңы доор келатканын, баңгибизнеси, аңгибизнеси, кумар оюндарынын түркүн-түрлөрү, жайлып бараткан жамандыктардын баары адамдардын социалдык теңдигин, жакындыгы менен достугун бузуп талакалоого багышталганын, империализм акыры өзүн өзү өлтүрүп жок кыларын, ошондуктан коммунисттер кайрадан социализимди куруп, СССРди калыбына келтирерин жар салды.

«Дело № …» гезити аркылуу белгилүү саясат таануучу Нур Омаров учурдагы кырдаалга «Бийлик жөнөп кеткен поюздун артынан кубалап бараткан кишиге окшоп турат» деп баа берди. Ал эми Кыргызстандын азыркы абалына сырткы күчтөр кандай таасир этиши мүмкүн деген суроого Нур Омаров Кремль 2005-жылдын мартында эле кыргыз оппозициясы менен олуттуу пикир алышканын, бул билген кишиге биринчи белги болгондугун, азыр башка өлкөлөр сыяктуу эле Орусия дагы эч качан бир тараптуу саясат жүргүзбөстүгүн, анткени кандай гана өлкө болбосун эртең бийликке келе турган адам менен мамилени бузуп алууну каалабастыгын, ал эми Америка андан да нейтралдуу абалды карманарын белгилеген. Гезиттин бул санында мындан тышкары өз арызы менен отставкага кетип, Кулов баштаган фронтко барып кошулган генерал айым Г.Пугачеванын гезит кабарчысы менен баарлашуусу, Бишкектеги базар бардактары, 24-март окуясынын түнүндө каракчыларга таланып-тонолгон арендатор ишкерлерге Д.Үсөнов 15 миллион сом которуп берем деп убада берип, бирок андан бери эки жыл өтсө да 1-вице-премьер-министрдин убадасы ошол өзү сүйлөгөн КТРдын бетинде гана калганын, дагы ушул өңдүү бир катар материалдар басылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG