Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:29

15:42 Элмурза Сатыбалдиевди башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп дайындаган президенттин жардыгы күчүндө калтырылды


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Белгилүү болгондой Сатыбалдиев 20-мартта башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бирок башкы прокурорлук кызмат үчүн юридикалык тармакта 15 жылдык тажрыйбасы жоктугуна байланыштуу кызматынан алынгандыгы кабарланган. Бүгүнкү таратылган маалыматка караганда, Сатыбалдиев башкы прокурордун милдетин бул маанилүү кызматка жетекчини дайындоого парламент макулдук бергенге чейин аткарат . Ал эми Башкы прокурорлук кызматка дайындалыш үчүн кеминде 15 жылдын юридикалык тармакта иштеген тажрыйба керек деген мыйзамдын талабы, Башкы прокурордун милдетин аткаруучуга таркатылган эмес, деп түшүндүрүлгөн маалыматта. (AiT)

XS
SM
MD
LG