Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

НООРУЗДУН ШААНИСИ АРТТЫРГАН- МЕЛДЕШТЕР, УЛУТТУК ОЮНДАР


Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештер болду. Ошондой эле Бишкектин спорт жайларында жеңил атлетика, гимнастика, баскетбол, футбол, шахмат, чыгыш өнөрлөрү, улуттук спорт түрлөрүнөн ордо, кыргыз күрөшү мелдештери Нооруз майрамынын шаанисин арттырды.

Эгемен алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланды. Нооруздун майрамдык шаңын арттырып, салтанаттын маанисин жогорулаткан элдик оюндар боюнча мелдештерге күйөрмандар арбын келишти. Бул жолу да Бишкектеги «Аккула» ат майданына көкбөрү оюнун көрүү үчүн чет өлкөлүк меймандар да келишти.

“Нооруз” салтанаттын көркү – көкбөрү оюну 20 – март күнү башталып, мыкты командалар таймашты.
Кечээ Бишкектин «Бөрүлүү» командасы Чүйдүн “Арашан” командасын 5:1 эсебинде уткан. Таластын “Ынтымак” командасы менен Жайыл районунун “Суусамыр” командасы тең чыгышты. Нарындын «Дордой» командасын биринчи оюнда Чүйдүн “Жайыл” командасын 13:2 ири эсебинде утуп алган.

Нооруз күнкү биринчи беттешүүдө Бишкектин “Бөрүлүү” командасы Таластын “Ар-намыс” командасын курч таймашууда 14:3 эсебинде утту. Экинчи беттешүү Таластан келген “Ынтымак” жана “Ойкайың” командаларынын ортосуна болуп, көкбөрүгө жаңы толкун кошулганы байкалды. Мында оюн 14:12 эсебинде Бакайтата районунун “Ынтымак” командасынын пайдасына аяктады.




Нооруз майрамынын шаңын «Дордой» жана “Сокулук” командаларынын жигиттеринин таймашуусу арттырды. Көкбөрү мелдешине өлкөнүн тандалган 9 командасы катышууда. Ар күнү үч беттешүү болууда. Финалдык таймашуулар 24- мартта өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталат.

Нооруздагы элдик оюндар тууралуу өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын президенти Аскар Салымбековго кайрылганыбызда, ал көкбөрүчүлөрдүн жаңы сезондогу башталганын айтты.

- Кыргызстан Көкбөрү Федерациясы да бул майрамга өзүнүн салымын кошту. Биз жыл сайын “Нооруз” майрамына карата өзүбүздүн турнирибизди өткөрүп келебиз. “Нооруз” турнири биздин негизги турнирлерибиздин бири жана жаңы сезондун ачылышы болуп эсептелет. Нооруз майрамындагы жалпы улуттук, ат оюндарынын көркү - ошол көкбөрүчүлөрдүн оюну болду деп ойлойм. Бул мелдешке Жалалабат, Баткен, Ош , Ысыккөл облустарынын командалары каражат жоктугунан келбей калды.

Сокулуктун «Сокулук» командасынын машыктыруучусу, эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бөкөмбаевдин айтымында кыргыздын мыкты аттарын казактар сатып кетүүдө. Ошентип ат көйгөйү пайда болду.

- Көк бөрүчүлөр үчүн дагы бир чоң проблемалар пайда болуп турат. Илгертен эле эр жигитти мыкты кылган алдындагы минген аты болуп келген. Кыргыздын көк бөрүсүнө жараган мыкты аттарын казактар, өзбектер жана тажиктер менен оогандыктар да баасына карабай сатып кетүүдө. Бул бир чети жакшы көрүнүш болгону менен кыргызга да намыс керек болуп турат. Ат проблемасы курч маселеге айланып баратат.

Нооруз майрамында Бишкекте ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйылкы мелдешке Казакстан менен Өзбекстандан үч команда жана Кыргызстандан үч команда катышууда. Бул баскетбол турниринин жеңүүчүлөрү 23- мартта аныкталат. Мындан сырткары Бишкекте Нооруз майрамына арналып өткөрүлгөн мелдештер тууралуу шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтып берди:

- Нооруз майрамына шаардын эң мыкты спортсмендери өнөрүн көрсөттү. Жалпы жонунан төрт жүздөн ашык киши катышты. Гимнастиканын түрлөрү – көркөм гимнастика, спорттук гимнастика, акробаттар чыкты. Ошондой эле бүт чыгыш оюндарынын устаттары, кыргыз эл оюндары – ордо, тогуз коргол, кол күрөш жана бир топ элдик оюндар боюнча мелдештер болду. Жогорку Кеңештин жанындагы эски аянтта өнөрлөрүн көргөзүп, парктарда, жаңы конуштарда, ири-ири спорттук жайларда оюн-зооктор, мелдештер Нооруз майрамына арналды.




Мындан сырткары Нооруз майрамында ордо жана кыргыз күрөшү боюнча мөрөй талашуу жыйынтыкталды. Бул таймашуулар тууралуу өлкөнүн дене тарбия, спорт, балдар жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин улук адиси Канат Арпачиев билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG