Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

АКШ ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕ ЖАҢЫ ЧАТАК ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Март айынын башында эле АКШ вице-президентинин жардамчысы соттолуп, күнөөлүү деп табылды, азыр болсо Америка жетекчилигинде жаңы чатак чыкты. Өлкөнүн бир нече прокурору жакында кызматтарынан алынганы менен байланыштуу Ак үйдүн беш кызматкери Конгресске суракка чакырылып жатат.

АКШда 93 федералдык прокурор иштейт, алар өкмөткө түз баш ийет жана аларды качан кааласа жана кандай себеп менен болбосун кызматтан алууга президент укуктуу. Мындан төрт ай мурда болсо өлкөнүн укук министри Алберто Гонзалес сегиз прокурорду кызматтан алган жана анын себеби катары - алар өз милдетин толук жана так аткара албайт деп айтылган.

Анткен менен америкалык маалымат каражаттары таап чыккан фактыларга караганда, былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоо алдында өкмөт ар башка штаттардын прокурорлоруна тапшырма берип, оппозициядагы Демократиялык партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерге каршы аракет көрүп, аларды мүмкүн болушунча шайлоодон четтетиш керек деп билдирген. Жана кызматтан алынган прокурорлор - ал тапшырманы аткара албай калгандар. Ноябрдагы шайлоодо оппозиция жеңип чыкты жана азыр Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк Демократиялык партиянын колунда.

Эл өкүлдөр палатасынын атайын комиссиясы 21-мартта атайын чечим кабыл алып, өкмөттө иштеген беш кызматкерди Конгресске келип суроолорго жооп берүүнү талап кылды, алардын арасында президент Жорж Буштун жардамчысы Карл Роув да бар.

Буга чейин Конгресстеги угуу учурунда Укук министрлигинин айрым кызматкерлери ант алдында прокурорлордун кызматтан алынышы - алар өз кызмат милдеттерин аткара албагандык менен гана байланыштуу болгон деп айткан. Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн компьютерлеринде табылган каттар - андай тапшырмалар саясий нукта болгонун көрсөттү.

20-март күнү болсо президент Жорж Буштун администрациясы алардын Конгресске барып, сенаторлор менен конгрессмендердин суроолоруна жооп берүүгө уруксат берди, бирок алар сурак алдында ант бербеш керек, жыйын жабык болууга тийиш, анда айтылгандар жазып алынбаш керек.

"Жогорку мамлекеттик кызматкерлерге каршы багытталган мындай бир тараптуу аракетке уруксат берүүгө биз бара албайбыз. Демократтардын мындай аракеттери чындык издеп, аны табууга эмес, саясий упай топтоого багытталганын көрсөтүүдө. Алар мындай бир тараптуу жолго түшүп, көрсөтмө сот уюштурууга аракеттенип жатканы өтө кейиштүү", - деп билдирди Буш 20-мартта.

Өкмөт кызматкерлерин суракка чакыруу чечимин эми Сенат дагы кабыл алууга тийиш. Андай интервьюга алар келбей койсо, соттолушу мүмкүн. Айрым эксперттердин айтымында, бул чатак акыр-аягында укук министри Алберто Гонзалестин кызматтан кетишине алып келиши ыктымал.

Марттын башында вице-президент Дик Чейнинин мурдагы жардамчысы Люис Либби дагы ант алдында калп айтканы үчүн күнөөлүү деп табылган. 2003-жылы Иракка каршы согуш башталаар алдында АКШ жетекчилиги - Багдад Африканын Нигер мамлекетинен уран сатып алууга даярданып жатат деп билдирген. Бирок АКШнын Нигердеги мурдагы эчиси Жозеф Уилсон ал маалыматты төгүнгө чыгарган, өкмөт мүчөлөрү болсо чалгындоо кызматтар үчүн иштеген анын жубайы Валери Плеймдин атын жарыялап жиберишкен. Аны мен айткан эмесмин деп Либби ант алдында билдирген, бирок маалымат булагы ошол болгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG