Акыркы аптадагы МТРКнын “Кыргызстан” жаңылыктары мыйзам чыгаруу жыйынынын кадыр баркын кетирүү аракетин көрүүдө. “Ошондуктан коомдук телекомпания боюнча мыйзамды алып, 50 добуш менен бекитип президентке жөнөтүш керек”,-мындай сунушун депутат Өмүрбек Текебаев парламент төрагасына айтты. Анын көз карашында, МТРК Жогорку Кеңешти бир тараптуу жамандап, маалыматтарды бейтарап чагылдырбай жатат. (AJ)