Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

ЖОЛООЧУ, КАР КӨЧКҮДӨН САК БОЛ


Жаздын башталышы менен өлкө тургундарын кооптондурган табият кырсыктары болорун эске алып, адистер Бишкек –Ош жолунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкүлөрдү алдына ала түшүрүп тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Бирок дагы кооптуу жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар, дешет айрым адистер. Коомчулукта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз милдетин аткарбай, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш- чараларын көргөн жок деген кайчы пикирлер да айтылууда.

Кыргызстандагы кар көчкүлөр кооптондуруп тургандыктан өкмөт башчы Азим Исабековдун буйругу боюнча Бишкек-Ош жолу бир жумадай убакыт жабылып, адам өмүрүнө коркунуч жараткан айрым участоктогу кар атайын көчүрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Жусупжан Жээнбековдун айтымында өткөн айдын аягында Коргоо министрлигинин аткычтар командасы Төөашууга барышып, кооптуу аймактардагы карды көчүрүү үчүн артиллериядан атышып, атайын көчкү түшүрүшүп, жол тазаланган. Учурда эч кандай деле кооптонууга негиз жок” дейт Жусупжан Жээнбеков.

Быйыл табигат кырсыктары, айрыкча кар көчкүлөр арбын катталган. Мурда кар көчкүлөр жалаң түштүктө жүрсө, азыр түндүк райондорунда да күтүлүүдө. Көчкүбулакта бийиктиги 50 метр, узундугу 300 метрден ашуун кар көчкүсүн эки жагынан 10 техника беш күндө араң тазалап бүткөн.

Февралдын аягында Ошко жумуштап барып, кар көчкүдөн жол жабылып, үйүнө жете албай бир жума жол азабын баштан кечирген бишкектик айдоочу Ислам Исраилов дагы Ош тарапка баруудан кооптонуп турганын билдирди.

Жогорку кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев сессияда Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Үрүстөмбековдун коррупцияга малынганын, өз милдетин аткарбай, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш- чаралары көрбөй, саясый оюндар менен алектенгенин бир нече ирет сынга алган. “Айткан менен майнап чыкпайт экен” дейт депутат Камчыбек Ташиев.

Шайлоочулары менен жолугушууга барган парламент депутаты Осмон Артыкбаев Ош-Бишкек жолудагы көчкү тазаланып, кар эрип, суулар кирип жатканын айтып, “Өзгөчө кырдаалдар министрилиги эмне иш кылып жатышканы белгисиз” дейт Осмон Артыкбаев.
Ошондой болсо да өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик кызматынын өкүлү Тынай Дүйшөнбековдун айтымында учурда Бишкек-Ош жолу ачык, бирок 121, 128, 193 жана 268-чакырымда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ошондуктан адистер автоунаалардын каттам аралыгын 500-600 метрден сактоону сунуштап, сак болууну эскертти.

XS
SM
MD
LG