Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

ООГАНСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨ АПИЙИМЧИЛИК КҮЧӨӨДӨ


Өткөн жылы Ооганстандын алты провинциясы “апийимден эркин” деп жарыяланган. Июнга чейин дагы өлкөнүн ортолугундагы жана түндүгүндөгү 10дой провинцияда апийим өстүрүү токтотулат. Бирок, БУУнун Маң заттары жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин башчысы Антонио Марио Коста шаршемби күнү Нью-Йоркто билдиргенге караганда, Түштүк Ооганстанда апийим өндүрүү “көзөмөлдөн чыгып кеткен”.

2006-жылы Ооганстандын түндүк тарабындагы 7 провинцияда апийим айдалган жерлер кыскарган. Бирок, түштүк бөлүктөгү 15 провинцияда апийим өстүргөн жерлер көбөйгөн. Өлкөдө 35 провинция бар. Жалпысынан алганда былтыр Ооганстанда апийим өстүрүү 25 процентке көбөйгөн жана 166 миң гектар жерде апийим өстүрүлгөн. Бул БУУнун Маң заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы.

БУУнун аталган башкармалыгынын башчысы Антонио Марио Коста Ооганстандандын түштүгүндөгү беш провинцияда апийимчилик быйыл дагы өсөт деп кооптонот.

-Азыр бул беш провинция- түрдүү маң заттар эң коп топтолгон дүйнөдөгү аймак. Бул беш провинцияда 100 гектардай жерде апийим талаалары бар. Келечекте бул жерлерде апийимчилик дагы өсөт. Бул жаман кабар түндүктөгү оң жылыштарды көөлөп кетет.

Талиб козголоңчуларынын жайыты саналган түштүктөгү Гелман провинциясында апийим өндүрүү былтыр дээрлик бир жарым эсеге көбөйгөн.
Ооган өкмөтү быйылкы жылдын башында эле 8 миң гектардай жерде апийим талаалары жок кылды. Бул өткөн жылдын биринчи чейрегине салыштырганда эки эсеге көп.

Ооганстан дүйнөдөгү ири апийим өндүрүүчү өлкө. “Гардиан” гезитинин жазышынча, жылына Ооган аткезчилери 3 миллиард доллардан ашуун суммага апийим экспорттойт. Маң заттары Иран, Пакистан жана Борбор Азия аркылуу жашыруун ташылгандыктан, ырасмий Кабылдын коңшу өлкөлөр менен болгон мамилесин татаалдантат. Анүчүн маң аткезчилеринин жолун жабуу үчүн ооган өкмөтү өз коңшулары менен кызматташууну жакшыртуусу шарт деп санайт Антонио Марио Коста:

-Коңшу өлкөлөр менен алканы жакшыртуу маанилүү экенин биз көрүп жатабыз. Бардык ооган апийими экспорттолот. Көбү Иран же Пакистан аркылуу ташылат. Апийимдин 20 процентке жакыны өлкө түндүгүндөгү Борбор Азия өлкөлөрү-Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан аркылуу андан ары кетет.

Костанын айтымында, БУУ ушу тапта Ооганстандын батыш коңшулары менен чек араны бекемдөө аракетин кылууда:

-Биз Ооганстан- Иран, Ооганстан- Пакистан, ошондой эле Пакистан жана Иран арасындагы 2Алтын үчбурчтукка” кирген чек ара аймактарындагы контролду күчөтүү боюнча өтө чоң демилгени баштадык.

XS
SM
MD
LG