Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

КЫРГЫЗСТАНДЫН БАШ МЫЙЗАМЫ САЯСЫЙ КУРАЛГА АЙЛАНДЫБЫ?


Кыргызстанда Баш мыйзам укуктук документке эмес, саясый куралга айланып калды. Март ыңкылабынан кийинки саясый кырдаалга үч күн байкоо жүргүзгөн эл аралык эксперттер ушундай тыянакка келишти. Европа өлкөлөрүндөгү эксперттерден куралган “Трансевропалык диалог” уюмунун өкүлдөрүнүн баамында Баш мыйзамды узак мөөнөттүү жана туруктуу укуктук документке айландырмайынча, бул өлкөнүн келечек тагдыры үчүн коопсуз жагдайды түзүү кыйын болот.

Эл аралык “Трансевропалык диалог” уюмунун көз карандысыз эксперти Олег Верниктин айтымында, мамлекеттин баш мыйзамынын эки варианты мазмуну жана багыты боюнча бири-биринен асман менен жердей айрымаланып турат. Муну парламент өзүн өзү сактап калуу үчүн гана кабыл алган, дейт Олег Верник:

“Бул эки документ мазмуну боюнча таптакыр башка. Парламент башка болуп, ар башка конституция кабыл алынса түшүнүктүү болот эле. Бирок бир эле парламент эки башка документти кабыл алып атканын түшүнбөйм. Бул жерде парламент өзүн сактап калуу үчүн жасады деп ойлойм. Бул демократиялык жактан өнүгүү талаптарына канчалык деңгээлде жооп берет - бул чоң суроо. Ушундан улам Кыргызстанда конституциялык жана укуктук тилке калыптана элек деген ой пайда болот”.

Олег Верниктин айтымында, Баш мыйзам биринчи ирээтте укуктарды жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун аныкташы керек, ал эми Кыргызстандын учурдагы баш мыйзамы бүгүнкү күндөгү саясый карама-каршылыктарды жөнгө салуу куралы катары пайдаланууда:

“Бул мамлекеттин негизги укуктук документи болбой эле, саясый күчтөр алмашкан сайын өзгөртүүлөргө учураган мыйзам болуп атат. Мындай жагдай өлкөдө укуктук абалдын турукутуу болуп калыптанышына өтө кооптуу. Учурда Кыргызстанга узак мөөнөттүү жана туруктуу баш мыйзам керек”.

Баш мыйзам саясый куралга айланды деген чет элдик эксперттердин баасын туура деп эсептеген жергиликтүү талдоочулардын бири Зайнидин Курманов мындай дейт:

“Баш мыйзам сыяктуу мамлекет үчүн маанилүү документти кабыл алууда саясый шантаж болбошу керек да. Албетте, биздин парламент тарап кетпеши үчүн өзүн өзү сактап, Баш мыйзамды кабыл алган. Алар курч кырдаалдан чыга туралы, жазында кайрадан баштайбыз деген окуя болду”.

Чет элдик эксперттердин белгилешинче, Кыргызстандагы укуктук тилкенин калыптанбай турушу өлкөнүн экономикалык жаткан өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизип жатат. Маселен, Польша парламентинин депутаты жана геосаясый анализ боюнча Европалык борбордун талдоочусу Матеус Пискорскинин айтуусунда, польшалык ишкерлер Кыргызстанда иш алып барууга кызыкдар. Бирок аларды өлкөдөгү саясый кырдаал кооптондуруп атат:

“Польшалыктар Кыргызстанда ыңкылап болгонун эле билет, бирок ал демократиялык ыңкылап экенин эч ким билбейт. Ыңкылап болду, ошону үчүн кооптуу өлкө деп ойлошот. Ошону үчүн бул жерде анык абалды көрөлү деп атайын келгенбиз. Менин оюмча эч кандай деле коркунуч болбойт. Ошондуктан биздин ишкерлерге Кыргызстанга келип иштөөнүн коркунучу жок деп айтып барабыз”.

Ал эми саясат таануучу Зайнидин Курманов расмий бийлик демократиялык жана экономикалык реформа жүргүзмөйүнчө, келечекте Кыргызстан үчүн абал ушундай эле курч бойдон кала берет деп эсептейт.

2005-жылдагы ыңкылап учурунда Кыргызстанда иш алып барган жергиликтүү да, чет элдик ишкерлер да талап-тоноочулуктан жапа чегишкен. Албетте, бул өлкөнүн экономикасына инвесторлорду тартууга терс таасирин тийгизди. Андан бери эки жыл өткөнү менен Кыргызстан ишкердүүлүктү алып баруу үчүн чет элдиктер үчүн дагы эле кооптуу өлкө бойдон калууда.

Европалык бир катар бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен түзүлгөн “Трансевропалык диалог” уюму Кыргызстанда биринчи жолу байкоо жүргүздү. Бул уюм Европада жана Азияда демократия жана адамдардын укугу боюнча абалга байкоо жүргүзүп, бейтарап маалымат берүү максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG