Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

23-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Ормон хан 1852-жылдын 23-мартында император Николай I кайрылуу жолдогон. Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү роль ойногон.

XIX кылымдын ортосундагы кыргыз-казак каршылаштыгы кыргыздардын жеңиши менен аяктап, казак уруулары Чүй жана Или өрөөндөрүн таштай качып, Казакстандын ички аймактарына жер которушкан. Ормон хан ыңгайлуу учурдан пайдаланып 400 чамалуу түтүндү баштап, Или суусунун сол жээги менен Каскелеңдин батыш тарабына көчүп барган. Жасалган ишти расмийлештирип, орус бийлиги менен мамиле бузуп албаш үчүн ал 1852-жылдын 23-мартында император Николай I кайрылуу жолдогон. Кайрылууда мурда аталган аймакта казактардын албан, дуулат уруулары жашагандыгы жана алар жерин таштап, кыпчактарга качкандыгы кабарланат. Мындан ары казактардын кыянатчылыгын чектеш максатында кыргыздарды баштап, бош калган жерге көчүп келиштин максаты түшүндүрүлөт.

Казактардын мындагы таасирин чектеш үчүн Ормон хан Чыгыш Алатоо жерин толугу менен кыргыздарга берүү маселесин койгон. Кат Чилек суусунун боюнан жазылып, ага Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын мөөрү басылган.

Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү роль ойногон. Кыргыз ССР Кеңешинин V съездинин 23-март күнкү жыйынында курамы 101 адамдан турган конституциялык комиссия уюушулган. Комиссияга Кыргызстан компартиясынын жаңы биринчи секретары Аммосов, Жээнбаев, Исакеев, Эсенаманов сыяктуу жооптуу кызматчылар кирген. Конституцияда Кыргызстанда социализм толук жеңди деп тыянак чыгарылып, баш мыйзамда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра уюштурулушу мыйзам түрүндө бекитилген.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов 2005-жылдын 23-март күнү Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү деп билдирди. Анын пикирине ылайык Ош жана Жалабаддагы кырдаалды оппозиция башкара албай калды. Өлкөнүн түштүгүндөгү бийлик кылмыштуу чөйрөнүн колуна өттү. Мындагы кырдаалга тиешеси бар 500 чамалуу адамга укуктук жаза колдонулат. Анын ичинде бийликке каршы аракет көрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алууну уюштурган, өлкөнү башаламандык сазына батырып, өзүм билемдикке жол берген 50дөй адамга 10 чамалуу берене боюнча кылмыш иши козголот деп билдирди.

Бу күнү, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк метеорологдордун күнү белгиленип, 1914-жылы тарыхчы Анвар Хасанов, 1921-жылы жазуучу Муса Жангазиев, 1923-жылы акын Үсөнкул Жумабаев, 1936-жылы жазуучу Сейит Жетимишов, 1940-жылы кыргыздын атактуу инсаны, таланты дүйнөгө таанылган опералык ырчы Болот Миңжылкиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG