Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

МАЖАРСТАН «КӨГҮЛТҮР АГЫМ» ДОЛБООРУНА ЭМНЕ ҮЧҮН КОШУЛДУ?


Бир нече күн илгери Мажар өкмөтү “Көгүлтүр агым” боросуна кошулууга макулдук берди. Келишим боюнча, Россиянын газы Түркия жана Балканды туташтырган боросу Мажарстанга чейин тартылат. Батыштын кээ бир маалымат каражаттары Мажарстан мындай келишимге кол коюп, “Газпромдун” Ортолук Европадагы кол баласына айланат дешсе, экинчи бирөөлөр- мажар өкмөтү Россияны айланып өтчү долбоорду “бойкот “ кылууда деп болжошот.

Мажар өкмөтү Россиянын “Газпром” компаниясы менен келишим түзүүсүн коргоп, бул кадамга зарылчылыктан улам барып жатканын, ата мекендик керектөөчүлөр “Nabucco“ боросун күтүп тура албасын эскертти. Өлкөнүн өнүгүү министри Янош Кука- «Көгүлтүр агымга” кошулуу “Газпромдун” позициясын бекемдерин мойнунан алат.Былтыр Мажарстан 8, 7 миллиард куб метр көгүлтүр отун пайдаланды жана анын 80 процентин Россиядан алды.

Каспий менен Жакынкы Чыгыштын газын Россияны айланып, Европага жеткирчү “Nabucco“ долбоору 2012-жылы бүткөрүлүш керек. Бирок, Каспий чөлкөмүндө жалпы европалык “Nabucco“ долбоорун үзбөй камсыздагандай газ барбы, белгисиз.

Мажарстан “Көгүлтүр агымга” кошулуп, Батыш маалымат каражаттары жазгандай, “Nabucco“ долбооруна бойкот жарыялап жатабы?

-Мажар өкмөтү улуттун кызыкчылыгына ылайык аракеттенүүдө. Бул- Мажарстан Россияга сатылды же Росияны айланып өткөн газ боросуна саботаж жарыялады дегенди түшүндүрбөйт. Мажарлар оңтойунан пайдаланып калалы деп, ушундай кадамга барууда. Мажарстанды сындоо калыстыкка жатпайт,-дейт “Азаттыктын” аналитиги Роман Купчинский.

Батыш маалымат булактарынын тынчы кеткенине карабай, “Nabucco“ концорциумунун көңүлү тынч жана март айында “Gaz de France“ концернин эл аралык долбоорго тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Береги франциялык концернге беш компания кирет. Алардын бири Мажарстандан. Мунун өзү россиялык долбоорго болгон ишенимди көрсөтөт дейт Купчинский.

Анткен менен, Роман Купчинский Россиянын “Газпрому” Мажарстан аркылуу ага коңшу өлкөлөрдөгү таасирин бекемдей турганына көңүл бурат:

-Албетте, аталган келишимдин түпкү максаты Мажарстанды “Газпомдун” куурчагына айлантуу экенине ишенем. Иш жүзүндө “Газпром” болочокто Түштүк Европанын бир бөлүгүн, Сербияны, балким Словакияны, Австрияны газ менен камсыздап калат. “Көгүлтүр агым” боросун Мажарстанды көздөй тартуунун башкы максаты ушул.

XS
SM
MD
LG