Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

ИРАН МАСЕЛЕСИ АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛКУУ ТАТААЛДАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде бир аптадан бери Иран маселеси боюнча жаңы резолюциянын долбоору талкууланып жатат. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад болсо Кеңештин жыйынына келип сөз сүйлөйм деп айтууда.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кирген АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франция менен аларга кошулган Алмания Иран маселеси боюнча жаңы резолюциянын долбоорун Кеңешке 15-март күнү сунуштаган. Анын үстүндөгү талкуу бир аптадан бери уланууда жана Кеңешке мүчө болуп кирген дагы он мамлекеттин үчү, алардын ичинде Кеңештин учурдагы төрагасы Түштүк Африка дагы ал долбоорго оңдоо киргизүүнү талап кыла баштады.

Долбоордун өзүнүн үстүндөгү иш дагы бир топ татаал болгон жана Маскөө менен Бээжиндин туруму эске алынгандан кийин ал өтө деле катуу эмес болуп чыкты. Мисал үчүн, Ирандын курал сатуу аракеттерине чектөө салынууга тийиш жана анын өзөктүк менен ракеталык өндүрүшү менен байланышкан 28 адам жана уюмдун банк эсептери жабылыш керек.

Бирок Түштүк Африканын өкүлү Думисани Кумалонун айтымында, айрым андай сунуштарды долбоордон алып салыш керек. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлүнүн орун басары Алехандро Волффтун айтымында, артка кетенчиктөө дүйнөлүк коомчулукка пайда алып келбейт:

"Үч мүчө-мамлекет долборду өзгөртүш керек деп айтып жатышат. Биз анын баарын талкуулаганбыз. Биз бир топ эле айттык, туруктуу болуш керек деп, мурда кабыл алынган эки резолюциянын логикасын улантыш керек деп. Албетте, биз үчүн резолюциянын бир добуштан кабыл алынганы жакшы, бирок анын мазмуну дагы ошончолук маанилүү", - деп билдирди Волфф 21-мартта.

Анын айтымында, талкууну үстүбүздөгү аптанын аягына чейин бүтүрүш керек, бирок Түштүк Африка - ал мөөнөттүн ичинде мунаса табылаары кыйын деп билдирүүдө.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад болсо резолюция кабыл алынаар алдында ал Коопсуздук Кеңешине келип сөз сүйлөй турганын билдирди жана АКШ өкмөтү ага америкалык виза берүүгө аргасыз болду, анткени ал мамлекет башчы болгондуктан, Бириккен Улуттарга келүүгө укуктуу. Анын айтымында, Ирандын өзөктүк программалары эч кандай аскерий максатты көздөбөйт, ошондуктан эч бир эл аралык келишимди Тегеран бузган жок.

Ал тууралу Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи дагы айтууда жана, анын пикиринде, Батыш мыйзамсыз аракетке барса, Тегеран дагы эч нерседен токтолбойт: "Мен аларга айттым, буга чейин биздин өзөктүк программаларыбыз эл аралык эрежелердин чегинде жүргүзүлүп келген. Бирок эгер негизги мамлекеттер Коопсуздук Кеңеши аркылуу мыйзамсыз аракет көрсө жана Ирандын укуктарын бузса, биз дагы ошондой мыйзамсыз аракетке барууга укук алабыз жана биз андай аракет көрөбүз", - деди Хаменеи 21-мартта.

XS
SM
MD
LG