БАГДАД. Улуттар Уюмунун башкатчысы Бан Ки Мун кечээ Багдадда маалымат жыйынын өткөрүп жаткан имаратка жакын жерде жардыруу болду. Андан Бан Ки Мун жана Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жапа чегишкен жок. Бан Ки Мун Улуттар Уюмуна башкатчы болгон соң Иракка биринчи жолу келген эле. Эми ал Жакынкы Чыгыштын калган мамлекеттерин да кыдырмакчы.