Адвокат Галина Скрипкинанын билдиргенине караганда, экс-президенттин кызы талапкер катары округдук шайлоо комиссиясынын 23-марттагы отурумунда катталды. Кемин округдук шайлоо комиссиясы бул күнү Бермет Акаевадан тышкары бул отурумда дагы 3 талапкер катталганын кабарлады. Кемин шайлоо округу боюнча талапкердикке он беш атуул арыз бергендиги мурда маалымдалган. Бул округда шайлоо Отузадыр шайлоо округу менен бир учурда 29-апрелге белгиленген. (BuS)