Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

МАДЫРАЙЫМ, МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ ЭМНЕ БЕРДИ?


«24-март чыныгы классикалык төңкөрүшпү?» «Агым» гезитинин мына ушундай суроосуна академик Абдыганы Эркебаев, элдин эң башкы үмүт-тилеги ишке ашпай калганын, 24-март окуясы одоно мыйзам бузуу, Конституцияны тебелеп-тепсөө менен ишке ашырылганын, генерал Абдыгул Чотбаев, март элге эч нерсе бербегенин, болгону Бакиевди бийликке апкелгенин, коомдук ишмер Муратбек Иманалиев, Кыргызстанда укуктук мейкиндик түзүлбөй жатканын, 2 жыл ичинде жакшылыктуу эч нерсе жасалбагандыгын, саясатчы Бакыт Бешимов, 2 жыл мурун абдан мыкты тарыхый мүмкүнчүлүктөр болгонун, демек, элге жан дилин берген айкөл жетекчи келгенде мындай болмок эместигин, тилекке каршы 90-жылы «жибек» революциясы менен бийликке келген Акаев да, «мандалак» революциясы менен бийликке келген Бакиев да Кыргыз Эли үчүн күйбөгөн адамдар экенин, коомдук ишмер Накен Касиев, бийликтегилер экономикалык өсүштү 8 пайызга жеткиребиз дешкенин, иш жүзүндө ал 3 пайызга да жетпегенин, бүгүн эки кадам артка кеткенибизди, окумуштуу Осмонакун Ибраимов, 24-мартта чыныгы классикалык төңкөрүш болду деп эсептээрин, саясатчы Роза Отунбаева, Бакиев Акаевдин гана клону экендигин, система түптамырынан өзгөрмөйүн эч нерсе өзгөрбөсүн айтып жооп беришти. Ушул эле гезитке депутат Э.Алымбековдун «Бакиев аке-үкаларынын айынан балээ жаратты», депутат Өмүрбек Бабановдун «Акыйкат, калыстык үчүн артка тартпайм», «Жебе» жаштар кыймылынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин «Адил Турдукуловдун акча алганы анык», коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун «Революция жемишин шумпайлар татты», экс-премьер-министр Феликс Куловдун «24-март революциясынын өз максатына жетпей калышына менин да күнөөм бар» деген темадагы макалалары, суроо-жооптору жарыяланды.

«Эркин тоо» гезити да элдик революция элге эмне бергенин сурап Кыргызстандын үч жаранынан жооп алды. КР президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, президент тарабынан акын-жазуучуларга көңүл бурула баштаганын, билим берүү менен медицинада көп өзгөрүү болгонун, КГУСТАнын окутуучусу Куттубек Исаев, ушул темп менен жүрүп олтурса Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөрүн, ТИМ кызматкери Жээнбек Кулубаев, элге чоң пайдасын тийгизип аткан тракторлордун Кытайдан алынып келгендигин, президент бир катар чет өлкөлөрдө болуп, ийгиликтүү сүйлөшүп келгендигин белгилөө менен жооп беришкен.

«Белый пароход» гезити президент К.Бакиевге, 11-апрелде оппозиция Бишкекте мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаганы турат, апрелде эмне болуп кетиши мүмкүн, болжолдой аласызбы, деп суроо бергенде, президент, аны менен ким сүйлөшүүнү кааласа кеч эместигин, кандай гана темада болбосун сүйлөшө аларын, анын ичинен Конституциялык реформага барууга да даяр экендигин айткан. Гезит ошондой эле Ф.Куловго кайрылып, сиз баштаганы жаткан аракеттер өлкөнү туруктуулук алкагынан чыгарып жиберсе кандай болот, деп суроо салганда, ал, бириккен фронтту бүгүн колдогондор көп экенин, башкасын айтпаганда да ички иштер министрлигинин кызматкерлери колдоп жатканын, мындан тышкары милийсанын 800 отставкадагы ардагерлери колдоого алганын, булар Бишкектегилер менен Чүй аймагындалар эле экенин, фронтко немис, казак, беларус диспора өкүлдөрү киргенин, фронт эч качан тополоңго барбасын, бирок, бийлик күч колдонууга барарын, кокус ушул жолго барса, авар акыны Расул Гамзатов айткандай, Акүйдүн пистолет менен атканына замбирек менен жооп аларын, өз элине ок атты дегиче ал өзүн өзү өлүмгө өкүм кылгандык болорун айтып жооп берди.

«МСН суббота» гезити алдыда үч жол барын, биринчиси-президент өз эрки менен мөөнөтсүз президенттик шайлоого барбастыгын, анан 2-9-ноябрдагы окуя кайталанарын, өрттү чыгарыш оңой болгону менен аны өчүрүш кыйын болорун, экинчи жолу- бийлик менен оппозиция маңдай тескей олтуруп сүйлөшүүгө барарын, үчүнчү жолу- митинг-пикеттин кысымы менен оппозиция өлкөнү жок болуу абалына апкелерин, анан президент да, парламент да мөөнөтсүз шайлоого аттанарын, өлкөдөгү туруксуздук, партиялардын деңгээлинин али бышып жете электиги Кыргызстанды кайрадан диктатурага апкелерин божомол кылды.

«Жаңы кылым» гезити өлкөнүн 1-вице-премьер министри Данияр Үсөновду оппозиция тепкилегени менен чынында акча алды деген депутаттар сактап калганын кабарлады. Ушул эле санга мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Турсун Турдумамбетов, «Бардыгыбыз мыйзам чегинде иштөөгө үйрөнүшүбүз керек» деп, менчиктештирүүнүн казынага кандай пайда алып келип жатканыдыгына кеңири токтолду.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG