Бир жарым айда эки Конституция кабыл алынды. Андан Кыргызстан жыргап кеткен жок. Эми сыясы кургай элек Баш мыйзамды реформалоо керек, деп талап коюп жаткан саясатчылардын аброюна-аброй кошулуп кетпейт. Бул маселени шашпай, бардык тарабын “таразага салып”, калчап көрүп чечим кабыл алалык дешсе бир жөн, мындай пикирин Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “мөөнөтсүз митингге чыгабыз”,-деген демилге менен кошо Кыргызстандын эл аралык аброюн да эстен чыгарбоо зарыл. (AJ)
14:15 А.Мадумаров: Кайра-кайра митинг өткөрүү Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетирет