Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

16:40 Жалалабат облусундагы жаштар канаттары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты


Талкууга "Либералдык-прогрессивдик", "Мекен биримдиги", "Эмгек жана биримдик" партияларынын жаштар канатынын, жаштардын бейөкмөт уюмдарынын
өкүлдөрү катышты. Алар өлкөдөгү саясий жагдайга тынчсыздануу менен март ыңкылабынын талаптары толук аткарылбаганын белгилешти. Ыңкылап жолу менен келген бийлик мурдагыдай кемчиликтерди кетирип жаткандыгын айтышты. “Социалдык-экономикалык кырдаалдын оорлошуна түрткү болууда
деп”,-, оппозицияны айыпташып, жаштарды бийликке умтулган топторду ээрчибөөгө жана саясий акцияларга катышпоого чакырышты. Конституциялык реформаны зарыл деп эсептешкени менен бирдиктүү фронттун мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын колдошкон жок. (YA)

XS
SM
MD
LG