Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:04

17:30 Өзбекстандын коопсуздук кызматы Кыргызстанга майрамга келген өзбек жарандарын текшерген

БАТКЕН. Бул тууралуу өзүн атагысы келбеген өзбек жараны 23-март күнү “Азаттыкка” маалым кылды. Анын айтымында, эки элдин достугун чыңдоо максатын көздөгөн иш чараларды өзбек айылдарында да өткөрүүгө коопсуздук кызматы каршы экенин билдирген. Белгилеп кетсек, бүгүн 23-мартта Баткен районунун Бозадыр айылында Өзбекстан жана Кыргызстандын чектешкен айыл тургундарынын ортосунда “Нооруз” майрамын белгилөө иш чарасы өттү. Бул эл аралык “Актет” уюмунун чегарадагы чыр-чатактарын алдын алуу долбоорунун негизинде уюштурулуп, ага Өзбекстандын Сох районуна караштуу Шархабат, Кызылкыяк, Кушяр жана Дивайран айылдарынан баш-аягы болуп 50гө чукул өзбек жарандары келишкен. Майрамдоону каржы жагынан Европа коопсуздук кызмат уюму колго алган. (SA)
XS
SM
MD
LG