Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

18:00 Нарын шаарында көп аял алуу маселеси боюнча жыйын өттү


НАРЫН. 23-мартта өткөн бул тегерек үстөлдү Нарындагы Демократияны колдоо маалымат борбору уюштурган. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары болуп жыйырмага чукул адам катышты. Айрымдары көп аял алуучулукту мыйзамдаштыруу керек дешсе, басымдуу бөлүгү бул кыргыз мамлекетин жок кылгысы келгендердин тапшырмасы деп баалашты. Республикабызда жашаган башка 80ден ашуун улуттар бар. Алар да кыргыз кыздарын алышып, 25-30-жылдан кийин мамлекеттен бөлүнөбүз дегенде Албания, Сербиядагыдай маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Тескерисинче эки аял ала тургандарга жазаны катуулдатыш керек, деген пикирлерин билдиришти. Ал эми “Адеп пашасы” уюмунун Нарындагы өкүлү Каразык Кожояров мусулман дининде төрт аял алууга уруксат бергени менен “бир аял алууга буюрамын” деген аяты бар деген да пикирин билдирди. Жыйын соңунда эки аял алгандар үчүн жазаны катуулатыш керек деген кайрылуу кабыл алынып, Жогорку Кеңеште отурган Нарындан шайланган төрт депутатка жана Турсунбек Акунга жөнөтүлдү. (JI)

XS
SM
MD
LG