Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

ЫҢКЫЛАП КҮНГӨ АРНАЛГАН- МЕЛДЕШТЕР, УЛУТТУК ОЮНДАР ӨТҮҮДӨ


Ноорузда Бишкектеги «Аккула» ат майданында башталган көкбөрү боюнча мелдештин жарым финалдык таймаштары 23- мартта болду. Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган баскетбол жана кыргыз күрөшү спорттук мелдештер өттү.

“Нооруз жана ыңкылап күнүнө арналган көкбөрү оюну 20 – март күнү башталып, мыктыларды иргеп алуу таймаштары өткөрүлдү. 23-мартта 9 командадан арбын упай топтоп алдыга чыккан Бакайата районунун “Ынтымак” командасы менен Жайыл районунун “Суусамыр” командасы биринчи жарым финалда мөрөй талашты. Натыйжада 6:1 эсебинде “Ынтымактын” жигиттери жеңишке жетишип, баш байгеге талапкердин бири болду.

Экинчи жарым финалда “Дордой” командасын Бишкектин “Бөрүлүү” командасы 10:3 эсебинде утуп, финалда былтыркы ийгиликтерин кайталоону самап турушат.

Эми финалдык таймашуулар 24- март ыңкылап күнү болмокчу. Алгач үчүнчү орун үчүн Жайыл районунун “Суусамыр” командасы менен “Дордойдун” жигиттери күч сынашат. Баш байге үчүн Бишкектин “Бөрүлүү” командасы менен Бакайата районунун “Ынтымак” командасынын жигиттери атмайданда мөрөй талашууга чыгышат.

Өлкөнүн Көкбөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында кендирди кескен каражаттын айынан мыкты командалар бул мелдешке катыша албай калды.

- Кыргызстан Көкбөрү Федерациясынын түзүлгөнүнө да он жыл толду. Биз жыл сайын “Нооруз” майрамына карата өзүбүздүн турнирибизди өткөрүп келебиз. “Нооруз” турнири биздин негизги турнирлерибиздин бири болсо, быйыл финал ыңкылап күнү болгону турат. Бул мелдеш жаңы сезондун ачылышы болуп эсептелет.

Сокулуктун «Сокулук» командасынын машыктыруучусу, эмгек сиңирген устат Мамыркожо Бөкөмбаевдин айтымында мелдеш курч мүнөздө өтүп, командасынын курамын жаштар түзгөндүктөн атаандаштарына алдырып коюшту.

Нооруз майрамында ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйылкы мелдешке Казакстан менен Өзбекстандан үч команда жана Кыргызстандан үч команда катышты. Бул баскетбол турниринин жеңүүчүлөрү да 23- мартта аныкталып, финалда Казакстан менен Кыргызстандын жаштар командалары таймашты.

Мындан сырткары Нооруз жана ыңкылап күнүнө арналган кыргыз күрөшү боюнча мөрөй талашуу жыйынтыкталды. Бул таймашууларга Нарын облусунан гана балбандар келген жок. Жети облус жана Бишкек шаарынан 158 балбан күч сынашты. Мында таластык жигиттер Надырбек уулу Майрамбек, Нурлан Барпиев, Жанболот Осмонов, Борончу Токталиев жана Кенжебек Барпиев баш байгенин ээси болушту. Бишкектин намысын коргогон Агрардык университетин студенттери Урмат Өмүрбеков, Нурлан Эралиев, Дуулат Момбеков, Айбек Көккозов жана Ороз Mамытов биринчи орунду камсыз кылышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG