Бул тууралуу “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун маалымат катчысы Азамат Калман “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусу боюнча Караколдук депутаттардын өкүлү Чыныбек Ажыбеков баштаган бир нече депутат фронттун жетекчиси Феликс Кулов менен жолугуп, фронттун идеяларын жана ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын билдиришкен.