Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

12:10 Ошто жыйын өткөрүүгө бийлик бут тосууга аракет жасады


Март ыңкылабынын катышуучулары эртең мененки саат 9:30да облустук акимчиликтин алдына келишип, борбордук аянтта митинг өткөрүү талабын коюшкан. Алгач алардын талабына макул болбогон жергиликтүү бийлик менен ыңкылаптын катышуучуларынын ортосунда бир аз пикир келишпестиктер болду. Аягында шаар бийлиги менен облустук администрация ыңкылапчылардын талабына макул болушуп, учурда Ош шаарынын борбордук аянтында март ыңкылабынын эки жылдыгына арналган жыйын өтүп жатат. Жыйындын катышуучуларынын арасында экс-губернатор, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков жүрөт.
Облустук администрациянын маалымат катчысы Алишер Токсонбаев болсо, митинг өткөрүүгө бийлик тарабынан бут тосуу болбогондугун белгилеп, ыңкылаптын эки жылдыгына карата жыйын шаардык стадиондо өткөрүлөрү тууралуу ыңкылаптын катышуучулары менен алдын-ала сүйлөшүлгөндүгүн “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG