Мындан эки жыл мурун март окуясында талоончулукка туш болгон ишкер Төлөгөн Калмурзаев 24-март күнү Өкмөт үйүнүн алдында өзүн-өзү өрттөө тууралуу оюнан кайткандыгын “Азаттыкка” билдирди. Ал 23-март күнү президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугушканын, натыйжада атайын комиссия түзүлмөк болгонун айтты.
Төлөгөн Калмурзаев март окуясы учурунда болгон талап-тоноочулуктан 500 миң сомдон ашуу чыгымга учураганына, мунун кесепетинен күрөөгө коюп акча алган үч бөлмөлүү батирин банкка алдырып жибергенине 24-март күнкү окуялардын арты менен бийликке келген адамдар күнөөлүү деп эсептеп, бүгүн Акүйдүн алдында өзүн-өзү өрттөй тургандыгын билдирген эле.