Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

14:50 “Реформа үчүн” кыймылынын дагы бир мүчөсү президент менен жолугушту


ЖК депутаты Иса Өмүркулов кечээ кечинде президент Курманбек Бакиевдин чакыруусу менен анын кабыл алуусунда болгон. Депутаттын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жолугушуу учурунда өлкөдөгү саясий кырдаал, Конституциялык реформа, өкмөттүн иши, МТРКны коомдук телеканалга айландыруу жана башка учурдун маанилүү маселелери тууралуу сөз болгон. Иса Өмүркуловдун айтымында президент Конституциялык жол менен реформага барууга даяр экендигин, МТРКны коомдук телеканалга айландырууга макулдугун билдирген:

-Эми калганы президенттин сөзүнө эмес, ишине байланыштуу болот. Биз айтарыбызды айтып, билдирип, түшүндүрүп жатабыз. Эгер эртеңден тарта жарлыктар чыга баштабаса, чечкиндүү кадамдар жасалбаса, кырдаал курчуп кетет,

-дейт Иса Өмүркулов.

XS
SM
MD
LG