Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

КӨК-БӨРҮДӨ БАКАЙАТАНЫН “ЫНТЫМАК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ


24- мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештин финалдык таймаштары өткөрүлдү. Ошондой эле ыңкылап күнүнө арналган грек - рим жана самбо күрөшү боюнча спорттук мелдештер болду.

Нооруз жана ыңкылап күнүнө арналган көкбөрү оюну 20 – март күнү башталып, жеңүүчүлөрү 24- мартта аныкталды. Алгач үчүнчү орун үчүн “Дордой” командасы менен Жайыл районунун “Суусамыр-Шоро” командасы беттешип, натыйжада 5:2 эсебинде “Дордойдун” жигиттери жеңишке жетишти.

“Аккула” ат майданындагы көкбөрү оюнуну көрүү үчүн келген профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Константин Цзю менен дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаровду күйөрмандар кубануу менен тосуп алышты.

Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти, парламент депутаты Аскар Салымбековдун айтымында кадырлуу коноктордун келиши, көкбөрүнүн таасирин арттырды.

9 командадан айырмаланып алдыга чыккан Бакайата районунун “Ынтымак” командасы менен Бишкектин “Бөрүлү” командасы баш байге үчүн күч сынашты. Биринчи таймда “Ынтымак” командасынын чабуулчусу Улан Кыбраев эсепти ачып, тайказанга алгачкы улакты таштады. Кийинки эки таймда тең Бишкектин “Бөрүлү” командасынын эсепти өзгөртүүгө болгон аракетинен майнап чыкпады.
Ошентип өлкөнүн чемпиону Бишкектин “Бөрүлү” командасы мурдакы жылкы чемпион Бакайатанын “Ынтымак” командасына 1:0 эсебинде жеңилип берүүгө аргасыз болду. Баш байгени уткан “Ынтымак” командасынын машыктыруучусу Чаткал Жолдошевдин пикиринде мелдеш курч мүнөздө өтүп, алыстан келген мээнет акталды.
“Дордой» командасынын капитаны, эл аралык спорт чебери Эмил Бөкөшевдин айтымында, көкбөрү мелдешинин финалына мурда президент Аскар Акаев өзү келип байге тапшырса, бул жолу президент да, өкмөт башчысы да келген жок.

Жеңүүчүлөргө байгелерди, акчалай сыйлыктарды көкбөрү федерациясынын ардактуу президенти Болот Шамшиев, учурдагы жетекчиси Аскар Салымбеков, Дене тарбия, спорт агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Касенов тапшырды.

Мындан сырткары ыңкылап күнүнө арналган самбо жана грек - рим күрөшү боюнча мөрөй талашуулар өтүп жатат. Ошондой эле кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Президенттин Кубогуна арналган эл аралык мелдеш башталды. Мөрөй талашууга Армения, Өзбекстан, Орусия, Белорусия, Украина, Казакстан жана Кыргызстандын жигиттери катышууда. Мында Кыргызстандын намысын Кумар Жалиев менен Ален Офойо коргоп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG