Элдик ыңкылаптын эки жылдыгына арналган салтанат элдин биримдигин, мамлекеттин бекемдигин сактоо, бейпил турмушту куруп келечек муундарга мураска калтыруу идеясын козгогон театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды.
Андан соң президент Курманбек Бакиев салтанатка келгендерди куттуктап, эки жылдын аралыгында жетишилген ийгиликтерге токтолду. Анын айтымында, экономикалык жактан өсүүлөр болуп, социалдык тармактагылардын эмгек маяналары көбөйтүлүп, ардагерлердин пенсиясына кошумча пул кошулган. Ал ошондой эле мамлекет тез өнүгүүгө, жаңырууга, саясий жана кадрдык реформага муктаж экендигин жакшы түшүнөрүн, бул иштерди жүзөгө ашырууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Бакиев Конституциялык реформа, өкмөттү чыңдоо, кылмышкерлер менен күрөшүү жана башка проблемалар боюнча кайсы саясатчы менен болсун күн болобу, түн болобу сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди.
- Мен ультиматумдук, конфронтациялык, аскерий аракеттеги сүйлөшүүлөргө караманча каршымын. Бизге атуулдук тирешүүнүн кереги жок. Эгерде оппозициянын лидерлери мамлекетти, элди ойлошсо тегерек үстөлдө сүлөшүүлөрдү жүргүзүп, массалык митингдер, төңкөрүш менен коркутуп-үркүтпөөсү керек. Мен айтат элем, мыйзамдуулукту сактоо зарыл. Өлкөдө эч кандай төңкөрүш болбойт.
Бакиев Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик, туруктуулук үчүн элдин эрки бар экенин, өлкөнүн туруктуулугу, коопсуздугу үчүн мыйзамдын чегинде бардык чараларды көрөрүн белгиледи.
Март ыңкылабынан кийин кандай өзгөрүүлөр болду?-деген суроону салтанатка катышкан айрым атуулдарга узаттым. «Эркин Кыргызстан» прогрессивдик партиясынын төрагасы Жолдошбек Алиев элдик ыңкылап өз максатына жетпей калды деген пикириде:
- Ыңкылаптан кийин өлкөдө системаны өзгөртү керек болчу. Мына ушул система өзгөртүлгөн жок. Үйбүлөлүк башкарууга жол берилбеш керек эле, тилекке каршы андай болбоду. Мурдагы бийликтен айырмасы жок болуп жатат. Кадр саясатында жана башка саясаттарда орчундуу кемчиликтер бар.
Ал эми «Революцияны коргоо кыймылынын» мүчөсү Сырга Бейшалиева ыңкылаптан кийин жакшы жашоого үмүт кылып, нукура элдик бийлик орноду деп ишенгенин, бирок ишеничи акталбай калганын айтты:
- Бул революциянын аркасы менен бийликке келген Бакиев баягы эле Акаевчилердин чөйрөсүндө калды. Элдин муң-зарын уккан бийлик жок. Сот тармагында мыйзам бузуулар көбөйүп, бечаралардын укуктары тебеленип жатат. Элдин үнү бийликке жетпей калды.
Бейшалиева белгилегендей, «Революцияны коргоо кыймылы» карапайым-калктын таламын талашып, коомдо адилеттүүлүктү, акыйкатуулукту орнотуу аракетин көрүүдө. Бирок алардын мындай иштерине президент да, өкмөт да көңүл бурбай, алигиче аталган кыймыл туруктуу кеңсээси жок «өз арбайын, өзү согууда».
«Революцияны коргоо кыймылынын» дагы бир мүчөсү Роза Жээналиева аткаруу бийлиги, жергиликтүү администрация башчылары Акаевдин учурундагы эле кадрларлардан арылбай келатканына нааразы:
- Бүгүн ыңкылаптын эки жылдыгына арналган салтанатка келдик. Бирок менин оюмча элдик революция болбогондой эле таасир калтырды. Анткени, мурдагы президент Акаев кеткени менен Бакиевдин жанындагылар ошол эле Акаевди коштоп, анын камчысын чаап жүргөндөр. Азыр элдин үнүн угуп, бир аракет кылайын деген жетекчи жок. Чындык жок бизде.
Ыңкылаптын эки жылдыгына арналган салтанат өткөрүлгөн Кожомкул атындагы спорт ордосунун айланасы жоокерлер менен курчалып, милициялар коопсуздукту камсыз кылып, тез жардамдын кызматкерлери, өрт өчүргүчтөр көзөмөлдө турушту.