Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУН КЫРГЫЗСТАНДЫК АЛЕН ОФОЙО ЖЕҢДИ


24-мартта кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын президентинин Кубогуна арналган кикбоксинг боюнча үчүнчү эл аралык беттешүү болуп өттү. Мелдештин ардактуу мейманы профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзю болду.



72 жарым кг. салмактагы кикбосчулардын беттешүүсүнө Шериктеш өлкөлөрдөн: Орусия, Украина, Армения, Белорусия,Казакстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү келишти. Кыргызстандын намысын “Гермес-профи” спорт клубунун жигиттери Кумар Жалиев менен Ален Офойо коргоду.

Биринчи беттешүүдө казакстандык Бабур Артыкбаев менен профессионалдар таймашууларынын жеңүүчүсү белорусиялык Павел Кочура беттешип, казакстандык Бабур Артыкбаев жеңип алды.



Экинчи таймашуу да курч мүнөздө өтүп, кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпиону Кумар Жалиев менен тай - бокс боюнча Европанын чемпиону, дүйнөнүн үч жолку жеңүүчүсү украиналык Николай Коренев атаандашып, 2:1 эсебинде Кумар утуп алды.

Үчүнчү таймашууга Азия чемпиону, кыргызстандык Ален Офойо менен Армениянын чемпиону, “Брас- профи” клубунун мүчөсү Товмас Мартиросян чыгышты. 3 раунддук күч сынашууда “кара кыргыз” аттуу каймана аты бар Ален Офойо упай менен утуп алды.

Төртүнчү таймашууда Европа чемпиону, орусиялык Сергей Зимневич өзбекстандык Ахмет Алимбековду утуп, жарым финалга чыкты.

Биринчи жарым финалда казакстандык Бабур Артыкбаевди кыргызстандык Кумар Жалиев утуп, баш байгеге талапкер болду.



Ал эми экинчи жарым финалда орусиялык Сергей Зимневичти “кара кыргыз” аталган Ален Офойо үчүнчү раундда эсин оодара согуп, терең нокаут менен жеңишке эрте жетишти.

Ошентип кикбоксингдин Президенттин Кубогунун финалында эки кыргызстандык Кумар Жалиев менен Ален Офойо чыгып, быйылкы Президенттик кубоктун ээси Ален Офойо болду. Кубокту өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев өзү тапшырды.

Мелдеш тууралуу кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаевдин пикир төмөнкүдөй:

- Бул эми дүйнө, Европа чемпиондугу үчүн таймашуу эмес, жөн гана ушул спортту элге кеңири жайылтып, эки достук шаарлардын жолдоштук беттешүүсү күйөрмандарга гана арналды. Муну менен эки элдин достук байланыштары гана чыңдалып, спортчулардын чеберчилигинин өсүшүнө өбөлгө гана болду.

Мелдештин ардактуу мейманы профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Константин Цзю президент Курманбек Бакиевге кол тамгасы менен бокс колкабын тартуулады. Өлкө жетекчиси ага жооп кылып Констинтинге калпак кийгизип, асемдүү чепкен жапты.

Профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзюнун айтымында мелдеш дурус өтүп, “таймашка катышкан сегиз жигиттен кыргызстандык Ален Офойонун чеберчилиги жогору болгону менен күчкө толо элек экен. Анын келечеги алдыда” деди Константин Цзю.

Ардактуу мейманды профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Орзубек Назаров баштаган спорт ардагерлери коштоп жүрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG