МОСКВА. Москвада түнкү клубда чыккан өрттүн себептери иликтенип жатат. Өрттө 10 киши курман болуп, бир нече киши жаракат алды. Бул окуя боюнча "өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" деген статья боюнча кылмыш иши козголду. Божомолдор боюнча, өрт клубда от оюну өткөрүлгөн чакта чыккан. Түнкү клуб "Ленком" театрынын имаратын ижарага алып иштеген. Өрт имараттын 100 чарчы метрин каптады.