Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бүгүн Бишкекте орус драма театрынын 250 жылдыгына арналган республикалык фестиваль өтөт. Ага өлкөдөгү театралдык окуу жайлардын студенттери катышып, Пушкин, Крылов, Чехов жана башка орус классиктеринин чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер көрсөтүлөт.

27-28-мартта Бишкекте комузчулардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Маданият министрлигинин алдындагы улуттук маданият борбору уюштуруп жаткан бул иш-чарага өлкөнүн баардык аймактарынан келген жаш комузчулар катышат. Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Советжан Асанкадырдын билдиргенине караганда кароонун алкагында мугалимдер үчүн семинарлар өткөрүлөт, ошондой эле фестивалда баш байгени жана биринчи орунду жеңип алган комузчулардын мугалимдерине да сыйлыктар тапшырылат.

27-марттан тарта 3-апрелге чейин Иран фильмдеринин жумалыгы өтөт. Жумалыктын алкагында кино үйүндө жана Октябрь кинотеатрында ирандын алты кыска метраждуу көркөм тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле Ирандан келген кинорежиссерлор менен жолугушуулар болот деп билдирди “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору Абибила Пазылов.

28-29-мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда белгилүү Досум Үсөн тобунун ырчысы Жанета Бобкованын чыгармачылык кечеси өтөт. Сүйүү багында аттуу бул концертке бир катар ырчы куудулдар катышат. Ал эми 30-31-мартта опера ырчысы Үмүт Тилегенова жеке концертин тартуулайт.

30-мартта Бишкекте күлкү күнүнө карата орус эстрадасынын пародисти Максим Галкиндин концерти өтөт. Эки жарым саатка созулган программада Галкин жаңы сатиралары менен бирге эски да тамашаларын тартуулайт. Уюштуруучулардын айтымында билеттин баасы 50 доллардан 100 долларга чейин болот.

Бул күлкү майрамы менен катар 1-2-апрелде кыргыз улуттук драма театрында “Чоңко” маданий борбору “Куудул отуруш” оюн-зоогун тартуулайт. Бул кечеде куудулдар гана күлкү тартуулабастан келген көрүүчүлөргө да тамашаларын айтканга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында бир катар куудулдардын башын бириктирген “Чоңко маданий борборунун” он жылдык мааракеси белгиленет.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG