Юстиция министри Марат Кайыповдун билдирүүсүнө караганда, бул өзгөртүүлөр мыйзамдарды гумандаштырууга багыт алган. Талкуунун жүрүшүндө көп аял алууну жазалоону караштырган 153 беренеге өзгөртүү киргизүү парламентте жактырылган жок. Бул берене “Кылмыш жаза кодексинде” кала турган болду. Ал эми ушактоо жана кордоо үчүн кылмыш жообуна тартуу менен жазалоону караштырган 127 жана 128 беренелер кодекстен алынып салынды.(AiT)