Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

13:18 Кумтөр боюнча келишимди ратификациялоону талап кылган мыйзам кабыл алынды


Парламент «Алтын кендерин издеп табуу жана иштетүүдөгү айрым мамилелерди мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул мыйзам долбоорун депутат Арслан Малиев сунуштады. Анын айтымында, бул мыйзам мурунку өкмөттүн коррупциялашканына байланыштуу каралбай келген. Мыйзамга ылайык Кумтөр боюнча келишим парламентте ратификацияланыш керек. Эгерде ратификацияланбаса ал мыйзамсыз деп табылат. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору алтын боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулгандан кийин кабыл алууну жактады. Бирок көпчүлүк депутаттар 46 добуш менен долбоорду биринчи окууда кабыл алышты. (AiT)

XS
SM
MD
LG