Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

16:49 “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” оппозициялык фронттун Оштогу бөлүмүнө кысым көрсөтүлдү


Бул тууралуу Оштогу өкүлү Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында, үч автоунаадагы УККнын кызматкерлери аны учурда Ош шаарында эч жакка чыгарбай кармап турушат. Бизди баракчаларды эмне себептен таркатасыңар деп айыпташууда. Ал эми биздин баракчаларда мыйзамга каршы чакырыктар жок, деп белгиледи Бөдөшева. Буга чейин ушул эле күнү белгисиз кишилер номерсиз эки жеңил автоунаада келип, фронтко таандык “Айкын”, “Агым”, “Апта” жана “Кыргыз руху” гезиттеринин 20 пачкасын күч менен алып кеткен. Гезит пачкаларынын ар биринде 200 даанадан гезит бар, деп айтты Бөдөшева. (AiT)

XS
SM
MD
LG