Кылмыш жана жаза кодексине оңдоп түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, бүгүн Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду. Бул мыйзам долбоору Адилет министри Марат Кайыпов, парламент депутаттары Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаровдордун жетекчилиги астында иштелип чыккан. Адилет министри Марат Кайыповдун ырасташынча, долбоордогу 200 чамалуу оңдоп-түзөтүүлөрдүн ичинен эки-үчөө гана тартыштуу маселе болуп калды. Алардын бири болгон көп аял алууну кылмыш катары санаган 153-беренени, Кылмыш кодексинен алып салууну демилгесин Марат Кайыпов жетектеген Адилет министрлиги сунуштаган эле. Бирок, мундай сунушту депутаттар колдогон жок. Добуш берүү учурунда кырк эки депутат бул берененин күчүндө калуусун жакташты. Ал эми Марат Кайыпов эми депутаттар ушул ээлеген ордунан жазбаса, көп аял алгандар жоопкерчиликке тартыла берерин бышыктады:
- Талаш жараткан эки-үч гана берене болду. Дээрлик президенттин саясатын Жогорку Кеңештин депутаттары толугу менен колдоп беришти. Сиз айтып аткан 153-берене калып калды. Эгер эки же андан көп үйбүлөсү болгон адамдар болсо, анда мамлекет аларды мындан кийин кылмыш жоопкерчилигине тарта бермекчи.
Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, бул берене боюнча ушул кезге чейин жазага тартылгандар болбосо да аны Кылмыш кодексинен алып салуу азырынча эртерээк экендигин айтууда:
- Мен өзүмдүн жеке адам катары пикирим, муну Кылмыш жана жаза кодексинен алып коюу азырынча эртерээк. Мунун нравалык, моралдык да жагы бар. Демек мыйзамда бул көрүнүшкө тыюу болбогон соң, парламент жана бийлик атайын уруксат бербесе да уруксат бергенге окшоп калат.
153-беренени Кылмыш кодексинен алып салууну жактап жүргөн адамдардын бири тележурналист Мыктыбек Арстанбектин айтымында, бул берене боюнча добуш берүүдө айрым депутаттар көчөгө чыгабыз деген төрт-беш аялга гана багынып беришти:
- Сойкулук кылган аялдарды да камаш керек анда. Эки үчтөн эркек менен жатып аткан аялдарды да камаш керек анда. Мунун да тең салмактуулугун коюш керек эле. Эми депутаттар билбейм, бул маселеде төрт-беш катын көчөгө чыгып желек көтөрсө эле багынып бергендер бар, кээ бири бул маселени түшүнүп-түшүнбөйт. Эми ал мусулманды эмнеге камайт. Бузукулук кылбаса, төрт-бештен ойнош алып жүрбөсө. Эки катынды кадимкидей багып атса.
Ал эми депутат Кубатбек Байболов көп аял алуу маселесин чиновниктердин ичинен Марат Кайыпов гана жалгыз көтөрдү дейт. Анын ырасташынча бүгүнкүдөй жагдайда бул берененин кылмыш катары калып турганы жакшы болот. Анын үстүнө Кантта сүйлөгөн сөзүндө президент да көп аял алуучулукка каршы экендигин билдиргенден кийин, бул маселеде чиновниктер арасында Марат Кайыпов жалгыз калды.
“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова болсо депутаттардын бул маселе боюнча чечимин жакшы жышаан деп белгиледи. Ошондой эле ал ансыз деле төбөсү көрүнгөн чоң чиновниктер деле тымызын эки-үчтөн аял күтүп жүрүшкөнүн, алардын бири да бул берене боюнча бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигин тартпаганын, андыктан бул берене ошол бойдон турганы жакшы экендигин баса белгиледи.
- Депутаттардын бул боюнча бүгүнкү чечими жакшы чечим. Анткени, Кыргызстан тең укуктуулукту сактаган демократиялык өлкө болгондон кийин, мыйзамдары да ага шайкеш келиши керек.