Жон Фернандес Ирак согушунун майыбы. Эки буту жок. Жон 2001-жылы октябрда президент Буш “террорчулукка каршы согуш” баштагандан бери урушта жарадар болгон америкалык 25 миң аскердин бири. Ал азыр согуш ардагерлеринин таламын коргоочу Жарадар жоокерлер добоорунда иштейт:
– Жарадарлар медициналык жактан өтө мыкты, мен айтаар өтө бийик деңгээлде каралат. Бул системада жарадарлар көп, себеби дененин чапкыты мыкты эмеспи. Таң калычтуусу- адамдар аз өлүүдө. Бирок, жарадарлар менен оор жарадарларыбыз көп. Мээси жараат алып, окустагандар да көп жана алар түрдүү дарылоого муктаж.
Согуш ардагерлеринин көбү армияны биротоло таштоого аргасыз. Урушта денеси майып болгон, көзү же кулагы окустап калган ардагерлер кадыресе жарандардай жашоо үчүн атайын даярдыктан өтүшү зарыл. Жаңы турмушка ыңгайлашуу 23-жаштагы Стивен щульс сыяктуу мээсинен жараат алган жоокерлер үчүн айрыкча кыйын. Ал Ирактан биринчи ирет алты саны аман кайткан. Бирок, согушка 2005-жылы экинчи жолу барганда, жоокер мээсинен жараат алып, жарым денеси кыймылдабайт. Стивен согуш ардагери катары АКШ Ардагерлеринин административдик системасы, кыскача Ви-Ей аркылуу дарыланууга тийиш. Анын бардык түйшүгү 2 жылдан бери апасынын мойнунда. Дебра айым уулуна керектүү процедураларды сүйлөшүүнү сазга баткан адамдын абалына салыштырат.
-Аскерий системанын, Ви-Ей госпиталдарынын социалдык кызматкерлери өтө жакшы, бирок алар береги жаш ветерандарга эмне пайдалуу экенин, Коргоо министрлиги менен Ветерандар иши боюнча департамент өз ара кандай иштешкенин билишпейт. Алар өтө эле аз. Зарыл нерсени издешиң, сурап жазышың жана табышың керек.
Дебра айым уулун дарылатуу үчүн мугалимдик кесибин таштаганга аргасыз болгон жана бюрократтык узак машкаттан кийин уулун Флоридагы госпиталдан өзү жашаган Техастагы дарылоо борборуна которткон. Бирок, борбордо мээ трамвасын дарылагандай мыкты адистер жок экенин айтат Дебра айым:
-Ви-Ейде өз ишин мыкты билген терапевтери бар. Бирок, аларда мээнин травмасы боюнча адистери жок. Ошон үчүн улам алар жамбаштын сыныгы, ампутация дагы ушу сыяктуу согуш жараатарын башка нерсени дарылай алышпайт жана мээнин жараат травмасын жакшылап дарылып үйрөнүшө элек. Алар дасыкканча күткөндөй Стивенде убактысы жок.
Ви-Ей системасы америкалык 25 миллион согуш ардагерин өз карамагындагы 157 госпиталь жана 1 миңден ашуун реабилитациялык борборлор аркылуу тейлейт.