Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

КОНСТАНТИН ЦЗЮ: “КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕНДЕ ӨЗ ҮЙҮМӨ КЕЛГЕНДЕЙ БОЛДУМ”


24-мартта Бишкекте Кыргызстандын Президентинин Кубогуна арналган кикбоксинг боюнча үчүнчү эл аралык турнир болуп өттү. Мелдештин ардактуу мейманы профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Костантин Цзю болду.

- Константин мырза, Бишкектеги президентин Кубогуна арналган кикбоксинг мелдеши кандай деңгээлде өттү. Жигиттерге кандай баа бересиз?

- Мен мындай мелдештин далайын көргөм. Мен үчүн жаңылык деле эмес. Ошондой эле менин артымдан кол тамга сурап ээрчиген күйөрмандардын жоругу деле мага өөн эмес.

Мелдеш дурус өттү. Кимдер финалга чыгаарын алдына ала божомолдоп койгом. Мен ойлогондой болду. Ален Офойо деген жигитиңердин чеберчилиги дурус. Бирок дагы чымырканып машыгуусу зарыл. Тактикалык, техникалык ыкмалар боюнча гана жеңишке жетти. Жаш болсо да Кумар Жалиевдин дилгирлиги байкалды. Анын келечеги алдыда...

-Кесипкөй боксчу катары алдыга койгон максаттарыңызга жеттиңизби? Жаш боксчуларга устаттык кеп- кеңешиңизди берип жүрөсүзбү?

- Мен өзүм профессионалдарды жогору баалайм. Ал журналист болобу, фотографпы же кароолчубу, айдоочубу, ким кесипкөй болсо, өз милдетин так, туура аткарса, акыбетин сөзсүз көрөт. Мен дагы профессионал боксчу катары өз максаттарыма жеттим. Менде абдан бай тажрыйба топтолду. Ошону чыныгы кесипкөй адамдар менен гана бөлүшүп, кеп- кеңеш айткым келет. Ал түгүл өз турнирлеримди өзүм уюштуруп, даярдаган учурларым да арбын. Ошондуктан мелдеш кандай деңгээлде өтөөрүн алдын ала билем.

-Константин мырза, акыркы мелдешиңизге канча өлкөдөн спортчулар катышты. Мелдештен түшкөн кирешеңизди эмнеге жумшайсыз?

-Мен уюштурган акыркы турнирге ондон ашуун мамлекеттердин спортчулары катышты. Уюштуруу иш- аракет кандай болсо, натыйжасы ошого жараша болот. Чынында мелдеш өткөрүү менен дурус пайда табабыз. Ошол каражатка спорт мектептерин куруп, жаштарга шарт түзүп берип жатам. Мисалы, Орусиянын Екатеринбург облусунда өз каражатым менен балдар үчүн 6 спорт мектебин куруп, пайдаланууга бердим. Балким, ылайыгы келсе, кеңешип туруп Кыргызстанга деле «чеберлер классын» ачууга кол кабыш кылаармын.

- Кыргызстандык кесипкөй боксчу Алмаз Райымкуловду Сизге окшоштуруп жүрүшөт. Америкалыктар «Кид Даймонд» атаган бул боксчунун чеберчилигине кандай баа бересиз?

- Мен аны профессионалдык бокска жаңы барган учурун гана билем. Мени бирөөгө окшоштуруп, же бирөөнү мага окшоштурганды жактырбайм. Ар ким өзүнчө инсан. Ал Кид Даймондбу өзүнө. Өзүнүн атын, өзү чыгарып, өз жолу менен аракет кылып, тааныла берсин. Анын рингдеги таймашууларын көрбөй туруп, баа бере албайм.

- Сиздин башкалардан өзгөчөлөнгөн машыгуу ыкмаларыңыз барбы?

- Мурда үч раунд мага бүтпөчүдөй сезилип кетчү. Кийин профессионалдык бокска барганы 12 раунд таймашууга туура келди. Абдан чымырканып машыктым. Үч мүнөттө кум салынган мүшөктү миңден ашуун согуу керек эле. Ошондо секундасына үч жолу согууга үлгүрчүмүн. Бир мүнөттө 300дөн ашуун сокку урууга жетиштим. Бир саат тынбай машыккан күндөрдүн натыйжасы мен күткөндөй болду. Азыр деле 2 саат жип менен тынбай секирип машыгам. Бул үчүн темирдей эрк, чыдамкайлык, өжөрлүк керек. Колум чор болуп жооруп, байпагыман сыгып алма тер куюлуп калчу. Ошондуктан менин атайын машыгуу методум, ыкмаларым бар.

- Сиз профессионалдык бокстун бардык версиялары, түрү боюнча дүйнө чемпиону болгонсуз. Өмүр таржымалыңызды баяндаган китеп жазууну максат кылган жоксузбу?

- Мен жөнүндө төрт китеп жазышты. Бири өмүр таржымалым болсо, экинчиси машыгуу ыкмаларым тууралуу баяндалат. Дагы бирөө фотосүрөттөр менен коштолгон китеп. Төртүнчүсүн досторум, үй-бүлөөм, балдарым, турмуштук ой - пикирлерим тууралуу өзүм жаздым. Дүйнө жүзүндө пикирлеш досторум көп. Алардын бири дүйнөнүн көп жолку чемпиону, кыргызстандык Орзубек Назаров.

- Константин мырза Кыргызстанга келгени көкбөрү улуттук оюунун көрдүңүз? Бул оюн сизге кандай таасир калтырды?

- Бишкектин атмайданынан көкбөрү мелдешин көрдүм. Алгач тирүү улакты тартышат го деп кабатыр болдум. Бирок өз оюмду айтып коюшум керек, бул көкбөрү оюнун дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн улактын ордуна жасалма улак же чучала кылуу керек. Болбосо жаныбарларды коргоо уюмдарынын каарына каласыңар.

Негизинен көкбөрү мага жакты. Чыныгы эр азаматтардын оюну экен. Атты да башкара билип, улакты да тартуу үчүн чеберчилик керек тура. Тобокелге баш байлаган коркунучтуу оюн экен. Мындай оюнду руху бийик, күч-кубаты жогору жигиттер гана даап ойной алат. Ал үчун ушул жерде төрөлүп, бул оюн каны-жанына сиңген адам болуусу шарт.

- Сиз спортко шыктуу талантуу балдарга эле жардам берип, колдоого аласызбы? Же.. ?

- Менден да ушунтип көп сурашат. Ал түгүл «орусиялык балдага жардам бересизби же австралиялыктарды артык көрөсүзбү?» деп сурашат. Мен үчүн бардык улуттардын, элдин балдары бирдей. Балдар жардамга муктажбы, мен анын улутуна карабайм. Муктаж болуп турган балдарга жардам берүүдөн рахат гана алам. Ошондуктан балдар өздөрүн көрсөтүүгө шарты жок болсо, колдон келсе аларга жардам берүү керек. Бир учурда жаш кезимде мен да ошондой учурду баштан кечиргем. Бир гана кум салынган мүшөгүм бар эле. Балким менин Кыргызстанга келишим деле далай жаштарды шыктандырып, көкүрөгүнө от жагаар..

- Спорттон тышкары кандай эргегиңиз, хоббиңиз бар?

- Мен китеп окуганды абдан жактырам. Бош убактымда көп окуйм. Түрдүү үлгүдөгү сааттарды чогултуп, коллекциялайм. Дагы бир эрмегим - дүйнө элдеринин коньяктарын коллекция катары чогултуп жүрөм. Арасында кыргыз коньягы да бар. Алигиче кайсыл досум белекке бергенин эстей албай жүрөм.

- Кыргыз жеринен кандай таасирлер менен кайтып баратасыз?

- Мен Кыргызстанга келгени өз жериме келгендей болдум, себеби бул жакта досторум көп. Орзубек досумдун туулуп-өскөн Кант шаарында болдум. Бокс дүйнөсүнө алып келген мектебине барып, жаш боксчуларга кеп-кеңеш айттым.

Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынында болочок чемпиондор менен жолугуп, суроолоруна жооп бердим. Анан Кыргыз дене тарбия академиясындагы жолугушууда, алар мага «ардактуу профессор» деген наам ыйгарышты. Президент Курманбек Бакиев да жаш кезинде бокс менен машыккан экен. Ага кол тамгам менен бокс кол кабын белек кылдым. Кыргыз спорттун колдоого алып, жаштарга шарт түзүп берүүсүн андан өтүндүм. Мен да колдон келген жардамым аянбайм.

Мени Кыргызстанга мейманга чакырып, коштоп жүргөн досум, профессиналдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, учурдагы Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Орзубек Назаровго, Улуттук олимпиада комитетинини президенти Мурат Саралиновго, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице- президенти Адылхан Бекболотовго жана “Гермес-профи” спорт клубунун жетекчиси Александр Войнов баштаган спорт ардагерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG