Мамлекеттик телерадиокомпанияны Улуттук телерадиокорпорация кылып кайра түзүү тууралуу жардыкка президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде кол койду. Ага ылайык бир ай ичинде Жогорку Кенеш анын башкаруу органы болгон Байкоочулар Кеңешин түзүүгө тийиш. Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат, анын бешөөн Президент, бешөөн Жогорку Кеңеш, калганын жарандык коом шайлайт. МТРКны коомдук телеканалга айлантуу оппозиция коюп келген негизги талаптардын бири эле. (SM)